Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:24

400 МИҢ ДОЛЛАРДЫН ДООСУ БОЮНЧА СОТ БАШТАЛДЫ


Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда мурдагы каржы министри Султан Медеров, Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбанов, Эсеп палатасынын мурдагы төрагасы Медет Садыркулов, Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгынын мурдагы директору Анарбек Сатыбалдиев, анын орунбасары Динара Шайдиеванын кылмыш иштери карала баштады. Аларга кызматынан кыянаттык менен пайдалануу, бирөөнүн мүлкүн ири өлчөмдө уурдоого катышкан делген айып коюлууда.

Баткен алааматы учурунда жооптуу кызматтарда турган аткаминерлерге 420 миң доллар акчаны кызматтык абалынан пайдаланып, уурдап жок кылууга катышкан деген айып коюлууда. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы 1999-жылкы иштин чоо-жайын тергеп, ушул жылдын башында сотко өткөрүп берген. Маалымдоо каражаттарында кабарлангандай, 420 миң доллпар акча мурдагы президент А.Акаевдин колуна тапшырылып, анын кайда жана кандай максатта жумшалганы белгисиз калган.

Баткенге бүлүк салган эларалык жанкечтилер генерал А.Шамкеев менен Баткен районунун акимин, андан соң 4 жапан геоологун барымтага алып, аларды куткарып калуу үчүн кыргыз бийлиги террорчулар менен сүйлөшүүгө барып, атүгүл барымтадагыларды бошотууга чоң акча төлөшкө мажбур болгону маалымдалып, алардын чын-бышыгы аныкталбай баары божомолдордун төөбастысында калган.

Улуттук банк аркылуу долларга айландырылып, а кездеги президент А.Акаевдин колуна тапшырылган акчанын дарек-дайыны арадан кыйла жыл өткөн соң козголуп, ага тиешеси бар делген кызмат адамдарына кылмыш иш козголуп, советтик аскерлердин майрамы алдында сот иши башталды. Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбанов 420 миң доллар акча Каржы министрлигинин алдындагы Борбордук казыналыктын буйругу менен тиешелүү кишилерге берилгенин айтып, мыйзамдык эреже-тартиптерди бекем сактаган Улуттук банктын бул ишке кандай тиешеси бар экенине таң калганын жашырбайт.

- Прокуратура тарабынан кызматынан кыянат пайдаланды, бирөөнүн мүлкүн ири өлчөмдө уурдоого катышкан деген айып коюлууда. Коюлган айыптын негизи жок, мыйзамсыз деп эсептейм.

Улан Сарбанов Улуттук банктын мыйзамга ылайык өкмөт менен бюджетти тейлөө кызматын күнөө катары коюп жатат деп эсептейт.

- 1999-жылдын декабрында биз Каржы министринин Борбордук казыналыгынан 19 миллион ашуун сомду бөлүү тууралуу сунушту, аны долларга айлантуу тууралуу келишимди алдык. Акчаны Борбордук казыналыктын атайын кишисине берүүбүз керек болчу. Мен мындан эч кандай проблеманы деле көрбөй турам. Документтер жакшы каралган эмес деген миш-миш туура эмес, баары талапка ылайык толтурулган.

У.Сарбанов ушу азыр деле бюджет укугу боюнча Борбордук казыналыктын тапшырмасын аткарууга милдеттүү экенин, мындай иштер күн сайын кеминде он – онбеш ирет жүргүзүлөрүн ачыкка чыгарды. «Эми мени мамлекеттик бюджетти аткаруу боюнча жасалган ар бир иш үчүн соттошобу?», дейт Улуттук банк төрагасы.

Улуттук банк аркылуу долларга айландырылган акчаны алган мурдагы президент А.Акаев сот сурагына келеби, деген суроого У.Сарбановдун актоочуcу Сергей Слесарев бул маселе сот жүрүшүндө аныкталарын айтты.

- Азыр анын зарылдыгы, менин оюмча, жок деле. Анын көрсөтөмөлөрүн камсыз кылуу ушу азыр мүмкүн эмес. Аны алып келиш, албетте, Аскар Акаевдин макулдугуна жараша болчу иш.

1999-жылы Кыргызстандын каржы министри болуп иштеген Султан Медеров президент өзгөчө кырдаал учурунда бюджеттик акчаларды белгилүү максатка жумшоого укугу бар, ал Конституцияда да ырасталган дейт.

- Биринчи ирет 50 миң доллар болгон, анан 200 миң доллар болгон, тиги аким менен генерал A.Шамкеев туткунга алынганда. Анан кийин жапандар барымтага алынды. Жашыруун жагдай болуп калды. Мен ал акчалар кайсы максатта пайдаланганын билбейм. Ошондой акча каражаттары үч жолу бөлүнгөн. Аны мен билем.

Оболку Баткен урушу маалында барымтага алынган жапан геологдорун бошотуп алууга Жапан өкмөтү Кыргызстанга техникалык көмөк катары атайын акча бөлгөнү маалымдоо каражаттарында кабарланган. Султан Медеров мамлекеттик жашырын иштер жабык бойдон калганы дурус деген пикирде экен:

- Бул нерсе менин оюмча, жашырын бoйдон калыш керек.

Аткаминерлердин бюджеттик акчаларды алдагыдай сарпташынын айынан өлкө эмдигиче экономикалык бечелдиктен көтөрүлө албай жатканы элдин шору экенин мурдагы вице-премьер-министр Данияр Үсөновдун атайын эскерткен жайы бар.
Сот иши 24-февралда улантылмакчы.

XS
SM
MD
LG