Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:46

ГЕНЕРАЛ МЛАДИЧТИН КАРМАЛГАНДЫГЫ ЖӨНҮНДӨГҮ КАБАР КАЛП БОЛУП ЧЫКТЫ


21-февралдын түнүндө Сербиянын мамлекеттик кабар агенттиги Босния армиясынын мурдагы кол башчысы Ратко Младич колго түшүрүлдү деген маалымат таркатты. Бирок Белград өкмөтү аны төгүнгө чыгарды. Младич эркиндикте экенин Гаага трибуналынын башкы прокурору Карла Дел Понте да тастыктады. Согуш кылмыштары боюнча трибунал сары изине сая түшүп издеген адам ким?

Сребреница, 1995-жылдын июль айы. Босниялык сербтердин күчтөрү шаарды ээлеп алышкандан кийин генерал Ратко Младич жергиликтүү мусулмандарды эч ким тийбейт деп ишендирди:

Эч нерседен коркпогула. Аялдар менен балдар биринчи кетсин. Силерди Кладанжга алып баруу үчүн 30 автобус күтүп турат. Коркпогула. Силерге эч ким эч нерсе кылбайт.

Бир апта өтпөй Сребреницанын 7 миңден ашуун тургуну жок кылынган.

Мурдагы Югославия боюнча эларалык кылмыш трибуналы таккан айыпка ылайык, аялдар менен балдар отурган автобустар жолго чыгаары менен эркектер менен эркек өспүрүмдөр Младичтин түздөн түз буйругу менен өлтүрүлгөн.

Кылмыштын изин жашыруу үчүн босниялык аскерлер аларды массалык көрүстөндөргө көмүп салышкан.

Европанын аймагында Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин бул өңдүү ырайымсыз кыргын боло элек болчу.
Эң өкүнүчтүүсү Сребреница БУУ тарабынан Босниянын башка чөлкөмдөрүнөн агылган качкындар үчүн коопсуз аймак катары белгиленген.

Младич Босниянын баш калаасы Сараевону курчоого алып, шаарды бомбалоо иштерин да жетектеген. Сараевонун блокадасы 1992-жылдын апрелинен 1996-жылдын мартына чейин созулган. Блокаданын маалында 12 миңдей киши каза таап, 50 миңдейи жарадар болгон.

Босниялык сербтердин президенти Радован Каражич иштеп чыккан саясатты Младич ишке ашырып турду.
Экөөнө тең этникалык тазалоого багытталган кыйноолор, коркутуп-үркүтүүлөр, геноциддин масштабтарына жеткен массалык кыргын, элди күч менен көчүрүүнү уюштурган деген айыптар тагылып жатат.Аларды жоопко тартуу Гаага трибуналынын эң башкы максатына айланган.

Прокурорлордун ырастоосунда, Младичтин күнөөсүн далилдөө үчүн жетиштүү фактылар топтолгон.
Алардын арасында Сараевонун курчоосу учурунда жазылып алынган тасма бар. Анда генерал снайпер менен радиобайланыш аркылуу сүйлөшүп, буйрук берип жатканын укса болот.

Босниядагы уруш аяктагандан кийин Младич Белградка баш калкалап, Югослав президенти Слободан Милошевич аны коргоого алган. Кээде анын кымбат ресторандарда тамактанып же футбол матчтарын көрүп отурган сүрөттөрүн көрсө болот эле.

2001-жылы Милошевич Гаага трибуналына өткөрүлүп бергенден кийин Младич көрүнбөй калды. Согуш кылмыштары боюнча башкы прокурор Карла Дел Понте Сербиянын бйилиги генералдын кайда жашырынып жүргөнүн билет деп айыптап келди.

Өткөн айда Еврошаркет Белградка Младич менен Каражичти өткөрүп бересиңер же биримдик менен алакаларды кеңейтүү мүдөөңөрдү унуткула деген шарт койду.

Ошол эле күндөрү башкы прокурор Дел Понте Младичти жана Сребреница кыргыны үчүн башка жооптууларды быйыл жайында соттоо ниетин билдирген:

Мен Младичтин жана Сребреницадагы геноцид үчүн күнөөлөнүп жаткан башка адамдардын процесси быйыл июлда башталсын деп жатам. Эки айыпкердин алиге чейин Сербияда эркиндикте жүрүшүнө чекит коюууга убакыт келди.

Шаршембиде болсо Карла Дел Понте Младич кармалды деген маалыматтарды төгүнгө чыгарып, Серб өкмөтүн аны колго түшүрүүгө бар аракетин жумшоого дагы бир жолу үндөдү:

Младич кечиктирилбестен кармалууга тийиш жана андай мүмүкүнчүлүк бар. Мен Серб бийлиги бул багытта интенсивдүү иштейт деп күтөм.

XS
SM
MD
LG