Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:32

ИРАК: ШИИТТЕРДИН ЫЙЫК АЛЬ-АСКАРИЯ МЕЧИТИНЕ ЧАБУУЛ ЖАСАЛДЫ


Ирактын Самара шаарында катуу жардыруудан шииттер аздектеп күткөн ал- Аскария күмбөзүнүн алтын төбөсү оюлуп калды.. Жардырууга байланыштуу өлкө боюнча нааразылык акциялары өттү. Премьер-министр Ибрагим ал-Жаафари үч күнгө аза күтүү жарыялады жана улутту жааташып өч алуудан сактанууга чакырды. Бирок да, суннилердин Багдаддагы мечиттеринин бирине чабуул жасалганы маалымдалды.

Ал-Аскарий күмбөзү шиитердин Ирактагы төрт ыйык жайынын бири. Күмбөздүн ичинде Мухаммед пайгамбардын урпактары, 9-кылымда көздөрү өткөн имам Али ал-Хади менен анын уулу, имам Хасан ал-Аскаринин саганалары турат.
Жардыруу ирактыктарды кыжырдантып, өлкө боюнча нааразылык акциялары өттү.
Абу Кумайл ал- Мусави –Багдаддын Садр шаарында болгон демонстарциянын катышуучусу:

-Бул окуя үчүн баскынчылар жооптуу. Биз ыйык жайга жана элге кол салууга жооптуу баскынчыларды кармайбыз. Биз, бул өлкөнүн эли жана оторчулардын ээлиги астындагы Садр шаарынын калкы, Ирак өкмөтүн диний символдоруюузга чабуул жасоону токтотууга чакырабыз.

Бомба чабуулу үчүн жоопкерчиликти бир да топ өзүнө ала элек. Бирок, Ирактын Улуттук коопсуздук маселеси боюнча кеңешчиси Мувафак ар-Рубайенин айтышынча, ал-Аскарий мечитиндеги жардырууну “ал-Каида” күшкүштөгөн жана өлкөнү жарандык согушка түрткөн адаватчылар жасаган.
Талдоочулар Самарадагы ыйык жайга кол салуу шиитер менен суниттер арасына жик салып, жаатташтык согушу чыгып кетет деп кооптонушат.
Ирактык шииттердин руханий көсөмү Али ас-Систани жамаатты нааразылык акцияларына чыгууга, лекин, тынчтыкты сактап, суннилердин мечиттерине кол салбоого үндөдү.
Премьер-министр Ибрагим ал -Жаафари да жалпы улутка сынлагыдан кайрылып, элди сабырдуулукка чакырып, бул окуя ирактыктардын биримдиги абадан маанилүү экенине көңүл бурду. Ошондой эле окуяны тергөө үчүн министрликтердин жооптуу кызматкерлери жөнөтүлгөнүн да билдирди:

-Мыкты адистердин тобу Самарага барып, Имам Али ал-Хади жана Имам Хасан ал-Аскардын күмбөздөрү турган жайдагы жардырууну иликтешет. Жайында чукул чара көрчү топтун катарында Ички иштер министрлигинин, коопсуздук кызматынын, диний иштер министрлигинин жетекчилери жана курулуш иштерине жооптуу кызматкерлер бар.

Калабалуу окуяга байланыштуу өлкөдө үч күнгө аза күтүү жарыяланды.
Иракта шииттердин ыйык жайларына же алардын диний жөрөлгөлөрү маалында кол салуулар биринчи жолу болуп жаткан жок. Мисалы, 2004- жылы Ашура майрамы маалындагы чабуулда 170 киши шейит болгон.

XS
SM
MD
LG