Белорустун калкы коопсуздук кызматын совет доорундагыдай эле “КГБ” деп аташат. Шейшемби күнү аялын туулган күнү менен куттуктаганы гүл алганы дүкөнгө чыккан Тимафей Дранчукту үйгө КГБнын кызматкерлеринин коштоосунда кайтып келди. Ал азыр абакта отурган оппозициячыл саясатчы Андрей Климунун жардамчысы.
-Алар эмне себептен үйдү тинтип жатышканын айтышпады,-деди Тимафейдин аялы Ольга Анциопович. - Маал-маал: “Тапанчаңарды бересиңерби же жокпу?” деп тамашалап жатышты. Андан соң батирдеги бардык документтерди: түрдүү баракчаларды, эски гезиттерди, Тимофейдин айрым кагаздарын чогултуп алышты. Тинтүү үч саатка созулду.
Тинтүү маалында бөлмөдө Ольга менен “Комсомольская правда” гезитинин Минскидеги кабарчысы болгон. Ольга ошондон бери күйөөсүнөн бейдарек:
-КГБга чалган сайын:” Биз эч кандай маалымат бере албайбыз. Сиз эртерээк, кабыл алуу бөлмөсүндө кимдир бирөө бар кезде телефон чалыңыз” же ушу сыяктуу түрдүү жүйөлөрдү айтышат. Же эртең маалымат алсаңыз болот дешет.
Шейшемби күнү Белорус оппозициясынын алты мүчөсү, анын ичинде байкоочулар тобунун координатору Микалай Острейка да ушундай эле жолойдо камакка алынды. Алардын бири, Белорустун түндүк батышындагы Полатск шаарынын тургуну Алексей Трубкин:
-Саат 8:30да өздөрүн КГБнын кызматкерлери деп тааныштырган төрт адам эки күбө менен менин батириме келишти. Алар ордерди көрсөтүп, үйдү тинтүүгө киришти. “Эмне айыбым бар” деген суроомо жооп беришпеди. Брошюраларды, китептерди, белорус тилинде Польшада чыкчу “Нива” жумалыгын, Минскиде чыкчу “Народная воля” гезитин, бизнес-карталарды, Белорус элдик майданы менен Белорус тили коомунун материалдарын жана башка нерселерди алып кетишти.
КГБнын оппозиция активистерине каршы жүрүшү- президент Лукащенко коопсуздук күчтөрүн келерки айда болчу президенттик шайлоо алдында кыраакылыкты күчөтүүгө чакырган күнү башталды:
-Сиздер Белоруска кандай кысым көрсөтүлүп жатканынан жакшы кабардарсыздар. Батыш ачык шантаждан тартып, өлкөнүн ички иштерине кийлигишүүгө чейин барууда. Оппозиция майда-барат бузукулуктан баштап, экстремисттик коркутуп үркүтүүлөргө дейре жасоодо. Бийлик оппоненттери жеңишке мыйзамдуу жол менен жетишпесин түшүнүшүп, өлкөдөгү кырдаалды курчутуу үчүн, мамлекеттик жана коомдук түзүлүштүн негиздерин бузуу үчүн, руханий дөөлөтөрүбүздү каралоо үчүн жаны калбай аракеттенишүүдө.
Үчүнчү мөөнөт бийликте калууга умтулган Лукащенко бейөкмөт басылмаларды тыйган. Кылмыш кодексине бийликке каяша сүйлөгөн адамдарды жоопко тартчу жоболор киргизилген. Президенттик шайлоо убагынан эрте өткөрүлүүдө.
Бирдиктүү оппозициянын талапкери Александр Милинкевич шаршемби күнү сыналгыдан сүйлөп, 19-марттагы президенттик шайлоодон кийин өлкөдө Грузия же Украинадагы сыяктуу ынкылап болушун каалабай турганын эскертти.