– Мырза, Президент! Мүмкүн болсо, 1992- жылдын 22- июнунда Сочи (Дагомыс) келишими кандай жагдайда кол коюлганы жөнүндө айтып берсеңиз. Сынчылар келишимге Грузия мажбур кол койгон, анткени абалы өтө начар болчу дешет. Ушул туурабы?
Э. Шеварднадзе: –Ырас, башка айла жок болчу. Ал кезде Грузия менен Түштүк Осетия өтө татаал мамиледе эле. Мен 1992- жылдын башында Москвадан Грузияга кайтып келгенимде, Түштүк осетиндер өздөрүн күнкорсуз деп жаярлап алышкан болчу. Береги чечимди, албетте, Жогорку Кеңеш жокко чыгарып, Түштүк Осетия автономиясын жойгон. Бул абалды дагы курчутуп, президент Звиад Гамсахурдия аймакка басып кирүүнү чечкен. Ал жалпы мобилизация жарыялап, бирөөлөр куралчан, башка бирөөлөр куралсыз эле аймакты каптап кирип жатышкан. Кыскача айтканда, грузиндер согушка даяр эмес болгондуктан, жеңилип калышты. Уруш жүрүп жатты. Түштүк Осетияны Түндүк Осетия менен туташтырган тешкен жолду эрегишчилер пайдаланып жатышкан жана аларда катарын толуктоого мүмкүнчүлүгү бар болчу. Цхинвалиде Россиянын чоң батальону-тикучма батальону турганы жайгдайды дагы оорлоткон. Аймакта Россиянын дагы бир же эки чакан аскерий бөлүгү турган. Андыктан, чатакка россиялык аскерлер кийлигишет деген да коркунуч бар болчу. Ошондуктан, Гамсахурдия 1992-жылдын январындагы аскерий төңкөрүштөн кийин Грузияны таштап кеткенде, мен өлкөгө кайтып келдим жана көздөгөнүм эле куралдуу калабаны токтотуу болду. Сочинин ныптасындагы Дагомыста президент Ельцин менен кездешкенде биз кооганы токтотолу деп макулдаштык. Келишимдин аткарылышын көзөмөлдөө үчүн грузиндердин, россиялыктардын жана осетиндердин өкүлдөрү кирген Бирдиктүү комиссия түздүк.
RFE/RL: –Көп өтпөй, 1992-жылдын 14-июлунда тынчтык күчтөрү Түштүк Осетияга киргизилди. Сиз ошондо грузин тынчтык күчтөрү жана Россия, Түндүк жана Түштүк Осетиянын тынчтык аскерлери ортосунда теңсиздик болорун туйгансызбы? Сочи келишимине ылайык, ал учурда ар бир тарап аймакта ашып барса 500дөн аскер кармаса болмок.
Э. Шеварднадзе: – Башка эмне кылмакпыз... Бул Россия менен Грузиянын президенттеринин сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы эле. Негизги максатыбыз согушту токтотуу болгон. Биз согушту токтотуп, Бирдиктүү көзөмөл комиссиясын түзгөнбүз.
RFE/RL: – Тынчтык келишимине 14 жыл болууда. 3+ 1 форматында түзүлгөн тынчтык миссиясын кандай баалайсыз?
Э. Шеварднадзе: – Кандай болгондо да, согуштан тынчтык артык. Биз согушка туруштук бермек эмеспиз. Биз согушту уткурмакпыз. Президент Гамсахурдия согушту уткурду. Биз жеңилип калганбыз.
RFE/RL: – Биргелешкен тынчтык миссиясынын азыркы форматына кандай өзгөртүү киргизилиш керек деп ойлойсуз? Азыр жагдай өзгөрдү деп ойлобойсузбу?
Э. Шеварднадзе: – Бул Россия менен макулдашчу маселе. Россия менен түзүлгөн келишим жетиштүү эмес деп ойлойм. Ушу тапта грузин өкмөтү -Сочи келишиминин негизинде - осетиндер менен сүйлөшүүсү керек. Сүйлөшүүдө биз көтөрчү маселелер, аны кандай өткөрүш керек, анысын мен билбейм. 2004-жылдын август айында Түштүк Осетиянын грузин калктуу Тамарашени кыштагында грузиялык аскерий бөлүк Түштүк Осетиянын күчтөрү менен согушуп, биздин аскерлер араң туруштук беришти. Бул окуя- биз тынчтыкка же согушка болсун, кылдат даярданышыбыз керек экенин көрсөттү. Түз айтканда, бул биздин кемчилигибиз. Биз адеп Түштүк Осетияга кирбешибиз керек болчу.
RFE/RL: – Эми Сочи келишимине кайрылалы. Эмне үчүн келишимге кол койгондон мурда аскерлерди аймактан чыгарып кетүүнүн механизмин эч ким ойлогон эмес. Бул байкабастык болдубу же башкабы?
Э. Шеварднадзе: – Ал мезгилде бул тууралуу эч ким ойлогон эмес. Анда максат согушту токтотуу болчу жана биз ага жетиштик. Биз ошондой эле келишимдин аткарылышын байкоо жана абалды жөндөө үчүн Бирдиктүү көзөмөл комиссиясын түзгөнбүз. Биз ал учурда андан жакшы эч нерсе жасай албадык.