Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:32

КОФИ АННАН КАРИКАТУРА ЧАТАГЫН ТОКТОТУУГА ЧАКЫРАТ


Мукамбет пайгамбарга тартылган тамаша сүрөттөрдүн тегерегиндеги ызы-чуу соңку күндөрү бир аз басаңдай түшкөнсүдү, бирок мусулман өлкөлөрүндөгү толкундоо биротоло токтогон жок. Ушул аптада Иран, Пакистан жана башка ислам өлкөлөрүндө азил сүрөттөрдү алгач жарыялаган Данияга каршы нааразылык акциялары болуп өттү. Диндер аралык жаатташууну токтотуу максатында Улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннан жекшембиде Катарга аттанмай болду.

Европалык гезиттерде жарыяланган Мукамбет пайгамбарды мыскылдаган сүрөттөрдөн улам башталган демонстрациялар кеминде 50 кишинин өмүрүн алып кетти. Бир катар саясий жана диний лидерлер эл аралык коомчулукка кайрылып, сабырдуулукка үндөштү, ушу тапта тамаша сүрөттөрдүн тегерегиндеги толкундоолор баштагыдан басаңдай түшкөнсүдү, бирок байкоочулар нааразычылык жөн гана дымып турганын айтышат.

Улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннан Катардагы сапары азил сүрөттөрдүн тегерегиндеги араздашууларды токтотот деп үмүттөнөт. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Стефани Дужаррик маалымдады.

- Баш катчы буга чейин да кагылышууларды токтотуп, тынч болууга үндөп келди. Ал бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, ар кайсы диний ишенимдеги адамдарды чогултуп, чыр-чатактарды болтурбоо жолдорун талкуулап, бул маселени саясатташтырбоо керектигин түшүндүрүү керек деп эсептейт.

Кофи Аннан Дохадагы жолугушууда былтыр өзү түзүүгө көмөктөшкөн Цивилизациялар биримдигине кайрылуу жасамакчы. Кайрылууда маданияттар ортосундагы ажырымга көпүрө орнотуп, азыркыдай азил сүрөттөрдүн тегерегинде сөз эркиндигин жактоочулар менен карикатураларды кудайга каршы иш деп түшүнгөндөр ортосундагы тирешүүлөрдөн сактанууга басым жасалат.

Аннан мурдараак карикатураларды айрым экстремисттик күчтөр өз кызыкчылыгында пайдаланышы мүмкүн деп эскерткен эле.

- Мен бир катар мамлекеттерге кайрылып, кагылышууларды токтотууга үндөдүм, таасирдүү саясатчы, динаятчы, коомдук ишмерлерге кайрылып, кырдаалды басууга чакырдым. Бир-эки жерди албаганда, негизинен жагдай жайланышып баратат, бул өлкөлөрдүн жетекчилери да коомчулук менен иштешет деп ишенем.

Араздашуу басаңдай түшкөнү менен, эксперттердин айтымында, бөлүнүп-жарылуу аңырайып кала берди. Ислам конференциясы уюмуна мүчө айрым өлкөлөрдүн өкүлдөрү ушул аптада Кофи Аннан менен жолугушуп, Улуттар уюмунун адам укуктары боюнча жаңы кеңешин түзүүнү сунуш кылышты. Алардын сунушуна ылайык, атайын документке “диндер менен пайгамбарларга жалаа жабуу сөз эркиндиги укугуна сыйбайт” деп жазылышы керек. Ислам өлкөлөрүнүн элчилер тобунун бул сунушуна АКШ менен бир катар Европалык өлкөлөр дароо каршы чыгышты.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
XS
SM
MD
LG