Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:43

ПРАГА ЖЫЙЫНЫ БЕЛОРУСТУ ЕВРОПАГА ЭШИГИН АЧУУНУ СУРАДЫ


Белорус оппозициясынын өкүлдөрү бейшемби күнү Прага шаарына чогулушту. Жыйында Белорусту Европанын саясый алкагына тартуу үчүн коңшу өлкөлөрдүн жардамдашуу мүмкүнчүлүгү жана 19- мартта Белоруста болчу шайлоо маселеси талкууланды. Конференцияны Европа парламенттик ассамблеясы уюштурду.

Жыйында Евросоюздун саясый жетекчилиги, алардын ичинде Чехия менен Словакиянын өкмөт мүчөлөрү Белорус оппозициясына дагы бир ирет колдоо көрсөттү.

Чехиянын тышкы иштер министри Кирил Свобода- Белорус жетекчилиги да жыйынга чакырылып, алардан эч кандай жооп болбогонуна жана былтыр Белорус бийликтери Чех республикасын каралоо өнөктүгүн өткөргөндөн бери эки өлкө арасындагы мамиле осол экенине көңүл бурду:

-Чех республикасына каршы Минскиде өтө күчтүү өнөктүк өткөрүлгөн. Жекшемби күнкү телепрограммаларда жана маалымат каражаттарында Чех республикасына чабуул жасалган. Биздин дипломаттарыбызды өлкөнүн ички иштерине кийлигишти деп каралашкан.

Ырасмий Минскиге чехтердин демократиячыл күчтөрдү колдоп, саясый- маданий жыйындарды өткөргөнү жаккан эмес. Белорус бийликтери Чехиянын Минскидеги элчилигин өкмөттү каралаган материалдарды таратууда жана кутумчулук иштерин жүргүзүүдө деп күнөөлөгөн.

Кирил Свободанын сөзүнчө, Белорус бийликтерине жакпаган материалдар Улуттар Уюмунун өлкөдөгү адам укугун абалы жөнүндөгү резолюциясы болгон.

Европаламенттин төрагасы Рене Ван дер Линден Прагадагы жыйындын максаты Белорустагы демократтык күчтөргө жардамдашуу экенине токтолуп, Белорусту бөлүнбөй Евросоюз менен кызматташууга чакырды:

-Менимче, бөлүп-четтетүү саясаты иштебейт. Бул аягы туюк жол. Биз Белорус жарандык коомду, жарандарды жана демократиялык күчтөрдү колдоо үчүн Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму сыяктуу бардык эл аралык уюмдар менен чогуу иштешибиз абзел.

Белорус элдик майданы партиясынын төрагасы Винсук Виачорка Прагадагы жыйында Белорус маданияты жана географиялык орду боюнча европалык өлкө экенин баса белгиледи:

-Биз европалык улутпуз. Биз Европа маданиятына жана журтуна таандыкпыз. Буга бүгүнкү жыйын маалында басым жасалганы бизди кубантты. Азыр менин өлкөмдө болуп жаткан окуялар европанын насыл-нарктарына коошпойт. Бизге биздин европалык коңшуларыбыз жана агайиндерибиздин бакубат тилектештик сөзү керек.

Винсук Виачорканын партиясы биргелешкен оппозиция президенттикке көрсөткөн Александр Милинкевич тарабында.

26-февралда Белоруска Евробримдик каржылаган телерадиопрограммалар Польшадан жана Литвадан чыга баштайт. Еврокомиссиянын маалымдашынча, программанын алкагында Интернет байланышы өнүктүрүлүп, журналистер да окутулат.

XS
SM
MD
LG