Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

ДЕМОКРАТИЯЛЫК БИЙЛИК КЫРГЫЗСТАНДА ӨЗҮН АКТАБАЙ КАЛДЫБЫ?


Акыркы учурда Кыргызстанда мамлекеттик башкарууну күчтөндүрүү керектигин жергиликтүү саясатчылар эле эмес, айрым чет өлкөлүк серепчилер да жиликтеп талдай башташты. Саясатчылар убактылуу авторитардык башкаруу киргизилбесе, мамлекеттин тамырына доо кетиши мүмкүн деп болжошууда. Бирок, демократтар Кыргызстан үчүн артка кетүүгө жол жок деп санашат.

Айрым серепчилердин баамында азыр Кыргызстанда мамлекеттик ырааттуу башкаруу бузулуп, тең салмактуулукка доо кетип калды. Бул ириде мамлекет башында турган адамдардын ич ара келишпестиги, бийлик менен кылмышкер саналган тараптын каршылашуусу, менчикти кайра бөлүштүрүү аракеттери, кадр саясатына байланышкан нааразылыктар, саясатчылардын буюртма жол менен өлтүрүлүшү, саясий чөйрөдө регионалдык кызыкчылыктардын көтөрүлүшү, өңдүү жагдайлар менен байланыштырылат.

Айрыкча, акыркы мезгилдеги үч башкы жетекчинин - президент Курманбек Бакиев, Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев, премьер министр Феликс Кулов ортосундагы пикир келишпестиктер, төраганы кызматтан кетирүү маселеси боюнча парламенттин ачык жикке бөлүнүшү өңдүү жагдайлар мамлекеттүүлүктүн бекемдигине доо кетирип жатат деген көз караштар аз болгон жери жок. Ошондой көз караштагы саясатчылардын бири, «Улуу Биримдик» кайра жаралуу саясий партиясынын төрагасы Эмил Каптагаев:

- Азыркы жагдайда биздин мамлекетте экономикалык жана башка маселелер биринчи катардагы эң орчундуу маселе эмес болуп калды. Биздин мамлекет үчүн эң орчундуу маселе - мамлекеттүүлүктүн негиздерин бышыктоо. Муну кандай түшүнөбүз? Биз мамлекеттүүлүк деп мыйзамдуулукту, ички түзүлүштөрүнүн так иштешин түшүнүшүбүз керек. Бул жагдайда адам укуктарынын, жеке коопсуздугунун, менчикке болгон мүлк ээлигинин корголушу башкы маселе.

Бирок, Каптагаев бийлик бутактарынын ар кими өз көмөчүнө күл тартып турган азыркы күнү бул шарттар иштеп кетерине ишенбейт.

Жагдайды жөнгө салуу жеке гана президенттин колунда дейт Кыргызстан коммунисттик партиясынын төрайымы Клара Ажибекова. Анын көз карашында ар кандай каршылашууларды жөнгө келтирип, стабилдүү жашоо үчүн Кыргызстанга күчтүү башкаруу, саясий эрк керек:

- Бийлик төрт баштуу болуп эле ар ким өз билгенин жасап атпайбы. Бүгүнкү күндө Курманбек Салиевичтин (Бакиев) укуктары жетиштүү. Дестабилдештирген кишилерди жоопко тартыш керек.

Клара Ажибекованын оюнда постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен авторитардык башкарууну тандап алган президент Александр Лукащенко Беларусь элин кем кылбай багып жатат. Курулай демократия деп кыйкырганга караганда, бийликти күчтөндүрүү мамлекет үчүн алда канча пайдалуу дейт коммунист-саясатчы.

Президенттик администрациянын адам укугун коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акундун пикиринде авторитардык режимге Кыргызстандын кайтышына элдин табияты да, мыйзамдар да, азыркы өнүгүү да жол бербейт. Өлкөдө мамлекеттүүлүккө шек келтирген жагдай түзүлдү дегенге да караманча каршы. Укук коргоочунун айтымында, өлкөдөгү саясий кырдаалды жөнгө салуу мамлекет башындагы адамдардан гана көз каранды:

- Үч жетекчи: президент (Курманбек Бакиев), премьер министр (Феликс Кулов), спикер (Өмүрбек Текебаев) жеке амбициялардан, интригалардан бийик болуп, артындагы 5 миллион калкы бар мамлекеттин камын ойлоп, үчөө жалпы эл үчүн биригип, жең түрүп иштеш керек.

Саясатчылар ортосүндагы күрөш жеке кызыкчылыктарга байланып, курчуп кетсе, мамлекеттик бүтүндүккө доо кетери шексиз дейт экс-депутат Адылбек Кадырбеков.

Бирок, талдоочу Кыргызстандын өнүгүүсүнө оптимисттик маанайда карайт. Анын оюнда, башкаруу бир колдон экинчи колго ыңкылап жолу менен өткөн азыркы шартта кандайдыр бир кескин тыянак чыгаруу эрте:

- Баарын эле кыска мөөнөттө түзөп, тыкыйтып коюу – менимче абсурд. Буга бир аз убакыт керек. Дагы бир аз убакыт керек. Анан айтса болот.

Кырдаал айрым байкоочулар ойлогондон алда канча татаал дейт «Улуу биримдик» саясий партиясынын лидери Эмил Каптагаев . Ошондуктан, ал азыркы коопту учурдан кутулуу Конституциялык реформаны чукул аягына чыгаруудан көрөт. Мурдагы кадыры кеткен баш мыйзамдын ордуна эл дагы, бийликтин бардык бутактары дагы бирдей сыйлаган жаңы Конституцияны кабыл алмайынча демократиялык башкаруунун эрежелери Кыргызстанда калыптанышы оор болот дейт саясатчы.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG