Соттун жүрүшүндө мамлекеттик айыптоочу Бакыт Осмоналиев айыпталып жаткан Улуттук банк төрагасын кылмыш иши сотто териштирилип бүткөнчө кызматынан четтетүү тууралуу сунушун билдирди.
- Бул кылмыш иши коомчулуктун көңүлүн бурган актуалдуу жумуш экенин белгилеп кетүү керек. Айыпталынып аткан орунда кайсы бир кыймыл жетекчиси эмес, Улуттук банктын төрагасы олтурат.
Айыптоочунун маалымдашынча, Улуттук банк төрагасына 2005-жылдын 17-апрелинде айып коюлуп, 4-августта ошол кездеги Башкы прокурор А.Бекназаровдун У.Сарбановду тергөө маалында кызматынан четтетүү сунушу президент К.Бакиевге жөнөтүлгөн. Эмнеликтен Улуттук банк төрагасын убактылуу кызматынан алуу талабын киргизип жатканын мамлекеттик айыптоочу мыйзамдык негизге таяп момундайча түшүндүрдү.
- Мамлекеттик айыптоо Улан Сарбанов жооптуу кызматта турганда иштин калыс тергелишине жолтоо кылат деп эсептейт, ошондой эле ал мыйзамсыз иштерин да улантышы ыктымал. Мындай учурда 115-, 118-, 204 – беренелерди жетекчиликке алып, соттук териштирүү маалында соттолуп жаткан Улан Сарбановду Улуттук банк төрагасы кызматынан убактылуу бошотууну сунуш кылабыз.
Улуттук банк төрагасы Улан Сарбанов, анын жактоочусу, айыпталынып жаткандар бирооздон айыптоочунун алдагыдай сунушуна макул эместигин билдиришти. Сот мамлекеттик айыптоочунун сунушун кабыл алды. У.Сарбановдун жактоочусу С.Слесаревдун ишти калыс алып баралбаган сотко ишеним көрсөтпөө тууралуу сунушу өткөн жок.
Улуттук банк төрагасынын убактылуу кызматтан четтетилиши ансыз да саясий тирештен башы чыкпай келаткан Кыргызстандын экономикалык-каржылык турмушуна таасирин тийгизбейби суроосуна У.Сарбанов мыйзамды урматтаган инсан катары сот чечимине баш ийе тургандыгын билдирүү менен чектелди.
- Мен буга чейин сот бул маселени калыс чечет ко деп үмүттөнгөм. Менин билишимче, мамлекеттик айыптоочунун сунушу сот тарабынан президентке жөнөтүлөт. Президент парламенттин макулдугу менен мени ишке дайындайт, принцибинде тыкандыгы жагынан көзгө kөрүнбөгөн, көпчүлүктүн сүйгүнчүгү эмес мамлекеттик кызматчы катары президент чечимин күтөм.
Эсеп палатасынын мурдагы жетекчиси, Улуттук банк төрагасынын катарында 420 миң долларга байланыштуу иште айыпталынып аткан Медет Садыркулов сот чечимин туура эмес деп баалады.
- Менимче, албетте, туура эмес. Укуктук жагынан 100% туура эмес. Баягүнү президент Курманбек Бакиев сот бүткөнчө бирөө тууралуу кандайдыр бир сөздөрдү айтыш туура эмес болот деп айтып кетпедиби. Прокуратура жаkтан жасалган иш туура эмес.
Мурдагы каржы министри, айыпталынып аткан Султан Медеров да прокурордун сунушун колдобой тургандыгын билдирди.
- Менин оюмча, бул бошотуу убактылуу болду. Сот калыстык менен караса Улан Сарбанов өзүнүн ордунда иштей берет, буюрса. Коркунучтуу жагы деле бар. Сот башталбай жатып айыптоо жагы менен кеткенсип баратат.
1999-жылдын 21-декабрында долларга айландырылган 19 миллион ашуун сомдун кайда, канча жумшалганын жакшы билген мурдагы президент А.Акаевдин сотко келип көрсөтмө бериши мүмкүн эместигин адвокат С.Слесарев ырастады.
Жаңы бийликтин А.Акаев тушунда жасалган мыйзамсыз иштерге укуктук баа берүү аракети, чайлап-коолап кеткен коррупциянын тизгинин тартуу оголе оор жумуш экени ушу тапта адырайып ачыкка чыгып туру.
- Азыркы республика, өлкө жетекчилиги тараптан чара колдонулуп жаткан нерсе ошол коррупциянын деңгээлин ылдыйлатыш,- дейт өкмөттүн коргонуу жана коопсуздук бөлүмүнүн жетекчиси Бейшенбай Жунусов.