Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:53

БАГДАДДА - КОМЕНДАНТТЫК СААТ


Ирактын шийи лидерлеринин бири, Ирактагы Исламдык Ыңкылап уюмунун Жогорку Кеңешинин башчысы Абдул Азиз ал-Хаким өлкөнүн сунний жана шийи жамааттарын ынтымакка чакырды. Шаршембиде Самарра шаарында шийилердин ыйык жайларынын бири саналган ал-Аскариййа мечити жардырууга дуушар болуп, жалпы Ирак боюнча суннийлер менен шийилердин өз ара кагылышуусунун жаңы толкунун жаратты. Кагылышуулардан улам дээрлик 130дай адам набыт болду. Ирак өкмөтү болсо кагылышууларды болтурбоо үчүн Багдадда коменданттык саат жарыялады. Коменданттык сааттын тартиби жума күнү дээрлик дурус сакталганы кабардалууда.

Ирак өкмөтү Багдаддагы алтүндө жарыяланган коменданттык саатты жергиликтүү убакыт боюнча түштөн кийинки саат 4кө чейин узартты.

Демейде жума күнү жамы мечиттерге келчү калайыктын коопсуздугун сактоого багытталган бул чукул чара өз жемишин бергени кабардалууда.

Эркин Ирак үналгысынын Багдаддагы бюросунун башчысы Муайед ал-Хайдаринин айтымында, коменданттык саат маалында кишилдер сөзсүз эле өз үйүндө кала бериши керек эмес, бирок алардын көчөмө-көчө жүрүүсү кыйла чектелип калды.

- Багдаддагы бүгүнкү кырдаалды демейдегидей деп айтууга болбойт. Өзүмдү эле айтсам, бүгүн иш ордума жете албай койдум. Көчөлөрдө көп сандаган аскерлер менен полициячылар көзөмөлдөп турушат. Ошол эле учурда, кээ бир карапайым адамдар бүгүн өздөрүн жайбаракат сезүүдө. Тар көчөлөрдө чуркурап футбол ойноп жаткан балдарды да учураттым. Алар буга сүйүнүп жатат, анткени көчөдө демейдегидей кымгуут кыймыл жок.

Кабарчы ал-Хайдаринин айтымында, көптөгөн кишилер коменданттык саат киргизилгенин көчөгө чыкканда гана билишти:

- Коменданттык саат кечээ (бейшембиде) түнгө жуук жарыяланган, ошондуктан Багдадда жана Ирактын башка шаарларында көптөгөн тургундар бул жаңы жарыяланган чукул чара тууралуу кабарсыз калышты. Өкмөт коопсуздук кырдаалы ого бетер курчуп, колдон чыгып кетпесин үчүн ушундай чечимге барды.

Расмий бийликтер коменданттык саатты киргизүү аркылуу жамы мечиттерге азыраак кишинин келишине жетишкиси келген. Себеби, ар кандай террордук кол салуулар үчүн өтө талуулуу буталардын бири – мечиттер болуп калды.

Самарра шаарында шийилердин ыйык көрүстөнү да жайгашкан ири ал-Аскариййа мечити 22-февралда террордук чабуулга кабылды. Ирак шийилеринин өлкөдөгү ыйык төрт жайынын биринен саналган бул жамы мечитке жасалган чабуул өлкөдө шийилер менен суннийлердин ич ара кагылышууларынын жаңы толкунун жаратты.

Суннийлердин башкы тобу – Ирак Тил Табышуу Майданы – шийи диний партиялары менен өз ара сүйлөшүүлөрүн бул соңку жамааттар аралык кагылышуулардын айынан токтотуп салды.

Бирок серепчилер тараптар сүйлөшүү жараянына жакын арада кайра кайта турганына ишенич билдирүүдө. Мындай ойдогу адистердин бири – Эл аралык Жаңжалды иликтөө тобунун Аммандагы өкүлү Жоуст Хилтерманн (Joost Hiltermann) кырдаалды мындайча сыпаттайт:

- Самаррадагы шийилердин мечитине жасалган чабуул өлкөнүн суннийлер жамаатына карата терс маанайды жаратты. Бул соңку жагдай Ирактагы суннийлердин аялуу сезимине тийип жатат. Суннийлер Саддам Хусейндин режими кулатылгандан кийин түзүлгөн жаңы тартип өздөрүнө каршы багытталгандай сезишет. Соңку айларда бийлик аларды өлкөнүн конституциялык жана саясий реформа жараянына жандуу катышууга дурус эле үгүттөдү, бирок алар бул жараянга өтө эле олку-солку катышууда. Алар, сунний араб болгону үчүн эле өздөрүнө каршы өч алуу аракети жасалганына күбө болгон чакта, кайрадан мурдагы камалоодо калгандай маанайына ооп кетип жатышат.

Бирок Хилтерманн сыяктуу серепчилер, эгерде Ирак бийлиги мындан ары жамааттар аралык кагылышууларды тизгиндей албаса жана сунний жана шийи жамааттарынын өкүлдөрү улам-улам бири-биринен өч алуу максатындагы чабуулдарын күчөтө берсе, анда өлкө атуулдук согуштун алоолонгон отуна кабылышы ыктымалдан алыс эмес экендигин эскертишүүдө.

XS
SM
MD
LG