Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:00

КАДР САЯСАТЫНЫН КАДЫРЫ ЖАНА КАТАЧЫЛЫКТАРЫ


Аманбек Жапаров,Бишкек Президенттин кадр саясаты коомчулукта барган сайын улам катуу сынга кабылууда. Айрым саясатчылар экс-президент Аскар Акаевдин учурундагы атка минерлер дагы эле жетекчилик кызматтарда иштеп, коомдун өнүгүшүнө эч кандай аракет көрүшкөн жок деп сындашууда. Бийликке келген жаңы жетекчилер өз кезегинде март окуясынан кийин аткаруу бийлиги өз ишин мыкты билген адамдар менен толукталды деп эсептешет.

24-март окуясынан туура 30 күн өткөндө ошол мезгилде президенттин милдетин убактылуу аткаруучу Курманбек Бакиев мамлекеттик телекөрсөтүү аркылуу түз эфирден жаңы бийликке профессионал, жоопкерчиликтүү адамдар келет деп ишенимдүү жар салган эле:

- Эң биринчи критерий бул профессионалдык деңгээли. Кандай гана жетекчи болбосун ошол тейлеген тармакты жакшы билиш керек. Андай болбосо ишти алып бара албайт. Экинчиси сөзсүз региондорду эске алыш керек. Бир тараптуу болбош керек. Республиканын ар кайсы аймактарынан мыкты жетекчилерди аткаруу бийлигине тартуу керек. Мен ушул саясатты алып барам,-деп айткан ошондогу сөзүндө Курманбек Бакиев.

Анын мындай билдирүүсүнө коомчулук чын ыкластан ишенип, жакшылыкка үмүт кылышкан. Бирок, андан бери өткөн бир жылга жетпеген убакыттын аралыгында эле Президенттин кадр тандоо чечимине байланыштуу бир далай нааразылык чыгып кетти. Кээ бир бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, депутаттар, саясатчылар президент Курманбек Бакиевдин учурдагы кадр саясатына нааразылыктарын ачык эле сындап келатышат. Белгилүү саясатчы, экс-депутат Болот Байгожоевдин пикиринде жаңы бийликтин кадр саясаты элдин ишенимин жоготууда.

-Ыңкылаптан кийин эл жакшы үмүт менен жаңылануу болот деп күткөн. Бирок, ал үмүт аткарылбагандан кийин, бийлик анын себептерин издеп жатат. Ал барып- келип кадр маселсине такалат. Эмне үчүн дегенде, жакшыны да, жаман жактарын да кадрлар жасайт. Бүгүнкү күндө кадр саясаты тескери болуп, эл нааразы болуп атат. Алардын үмүтү акталбай жатат,-деди Болот Байгожоев.

Айрыкча, жаңы бийликтин курамында экс-президент Аскар Акаевдин учурунда чоң кызматтарда иштеген адамдар кала бергени ыңкылапчыл маанайдагы күчтөрдүн чоң нааразылыгын туудурду. Өткөн жылдын этегинде болгон Элдик курултайдын катышуучулары мурдагы режимге кызмат кылган адамдарды атап санап, аларды кызматтан айдап жиберүү жөнүндө Президент Курманбек Бакиевдин өзүнө талап койгон. Бирок, Президент бул талапка кайрылып жооп айткан эмес.

-Мен азыр Акүйгө барганда баягы эле Акаевдин тушундагы жигиттер ошол эле кеңселеринде отурушат. Ошол эле чалдар отурушат. « Доке, кел чай ичип кет» дешип. Кадр жаатында эч нерсе өзгөргөн жок,- деп айтты Жогорку Кеңештин депутаты Дооронбек Садырбаев.

Депутат Дооронбек Садырбаевдын айтымында жеке эле Ак үйдө эмес күч органдарында, соттордо, көпчүлүк мамлекеттик мекемелердин башында мурдагы бийлик мезгилиндеги адамдар отурушат. Кадр саясатына мындай мамиле кылуу менен коомду «кара тумоодой» каптаган коррупция менен күрөшүүгө мүмкүн эмес.
Экс-депутат Болот Байгожоев аткаруу бийлигинде бардык жагынан төп келишкен таза инсандар келмейинче өлкөнүн өнүгүүсүн элестетүү кыйын деген көз карашта:

-Биринчиден, президент өзү таза болуш керек. Анын айланасындагы адамдар таза болуш керек. Депутаттар таза болуш керек. Мын ошон үчүн биз шек алып атпайбызбы. Кимиси таза, кимиси таза эмес, деп. Ал эми таза болуп турган кишиге ким шек туудурат. Бүгүнкү күндө бийликте таза эмес кишилер көп болуп атат. Жасаган иши менен сүйлөгөн сөзү эки башка жетекчилер көп.

Буга мисал кылып Болот Байгожоев январь айынын соңунда эки өлкөнүн атуулдугун алып жүрөт деп айыпталып кызматынан кеткен Коопсуздук кеңешинин мурдагы орун басары Вячеслав Ханды, курал жана баңгизаттар менен кармалган Коопсуздук кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн мурдагы башчысы Алдаяр Исманкуловду атады.

Байгожоевдун айтымында, одоно мыйзам бузууларга жол бергендиги үчүн Коопсуздук кызматынын жана Коопсуздук кеңешинин жетекчилерин кызматтан алууну парламент талап кылып жатканына карабай, президент ушул күнгө чейин аларды сактап отургандыгы анын кадр саясатына нааразылыкты күчөтүүдө.

Байкоочулар Президенттин кадр жаатындагы чечимдерине анын администрация жетекчиси Үсөн Сыдыковдун таасири зор деп жоромолдошот. Ошол себептенби,
Президенттин кадр саясатына эл алдында сүйлөгөн сөздөрүндө Сыдыков өзү да комментарий берип келатат. Ал жаңы бийлик кесипкөй кадрларды баалап барктаган саясат жүргүзүп жатканын бир нече курдай белгилеп өткөн жайы бар.

-Булардын басымдуубөлүгү кесипкөй кадрлар, аларды мурдагы Президент менен иштеген деп кодулоо туура эмес. Алар өз милдетин аткарышкан. Сабаттуу, дасыккан кызматкерди өстүрүп чыгаруу оңой эмес, көп жылдар талап кылынат. Ошондуктан, Акаевдин тушунда иштегенсиң деп талаага таштап койгудай мамлекеттин мыкты кадрлары ашып-ташып аткан жок. Саясий кызматта туруп, мамлекеттик маанилүү чечимдерге тиешеси бар болгондор жөнүндө башка кеп- алар өздөрү эле кетип калышты, -деп айткан болчу Үсөн Сыдыков өткөн жылы ноябрь айында «Вечерний Бишкек» гезитине сүйлөгөн сөзүндө.

XS
SM
MD
LG