Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:39

БЕЛАРУСТАР ЕВРОБИРИМДИК КАРЖЫЛАГАН КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ БЕРҮҮЛӨРДҮ УГА АЛЫШАТ


Еврокомиссия 26-февралдан тартып Беларуска багытталган көз карандысыз телерадиоберүүлөр башталат деп жарыялады. Алар Евробиримдик тарабынан каржыланмакчы. Эки жылдык долбоор Россия, Германия, Польша, Литва жана беларуссиялык шериктерден турган консорциум тарабынан ишке ашырылат. Бул –шаркеттин демократиячыл эмес коңшусуна багытталган алгачкы ушундай долбоору.

Еврокомиссиянын басма сөз катчысы Эмма Удвин бейшембиде билдиргендей, 26-февралдан тартып Беларус эли көз карандысыз жаңылыктарды угуп, көрүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Биз кабарларды жана ар кандай баяндамаларды камтыган радиоберүүлөрдү күнүгө тартуулап турабыз. Андан Евробиримдиктеги жана Беларустагы окуялар чагылдырылмакчы. Ушундай эле материалдарды камтыган жарым сааттык телепрограммалар жумасына бир жолу көргөзүлүп турмакчы.

“Европа радиосу – Беларуска” жана “Балтика толкундары” аттуу радиостанциялар ар күндүн таңында 60 мүнөттүк уктурууларын берип турат. Алар негизинен жаштарга багытталат.

Берлинде жайгашкан “RTVi” деген россиялык телекомпания болсо “Европага терезе” аттуу 30 мүнөттүк телепрограммасын аптасына 1 ирет сунуш этет.Анын биринчи чыгарылышы 26-февралдын кечинде көргөзүлөт.Берүүлөр беларусча жана орусча болмокчу.

19-мартта Беларуста президенттик шайлоо өтөт. Анда азыркы мамлекет башчы Александр Лукащенко 3-мөөнөткө шайланат деп күтүлүүдө. Лукащенконун режими көз карандысыз маалымат каражаттарына катаң мамилеси менен белгилүү.

Эмма Удвиндин айтымында, шайлоо алдында өнөктүккө арналган атайын берүүлөр обого чыгарылмакчы:

Добуш берүү алдында атайын берүүлөр сунуш этилет, шайлоо кампаниясынын жүрүшүндө пайда болгон маселелер түз эфирде чыгуучу талкууларда сөз болуп турмакчы.

Жаңы берүүлөрдү канча киши уга алат азырынча белгисиз. Евробиримдик ал каражат бөлүп бергенин гана белгилеп, программаларды эларалык консорциум жана анын Беларустагы шериктери түзөт деп ырастоодо.

Шаркеттин долбоорунан тышкары 22-февралдан тартып Польша тарабынан каржыланган көз карандысыз радиостанция Беларустагы берүүлөрүн кайра баштады. Аталган станция 2002-жылы акчанын тартыштыгынан улам жабылган.
XS
SM
MD
LG