Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 13:21

АКАЕВ РЕЖИМИ КУЛАГАН МЕНЕН АЛ ТҮЗГӨН СИСТЕМА ЖАШАП ЖАТАТ


Аманбек Жапаров,Бишкек 24-мартка жакындаган сайын айрым саясий партиялар коомдо эч кандай өзгөрүү болбогонун, Конституциялык реформа жүргүзүлбөгөнүн айтып, расмий бийликти сынга алышууда. Бир катар саясатчылар өлкөдө саясий-экономикалык оор кырдаалдын түзүлүшүнө экс-президент Аскар Акаевдин мезгилиндеги башкаруу системасын күнөөлөп келишкен. Алар март ыңкылабынан кийин Кыргызстанда олуттуу өзгөрүүлөр болуп, коом демократиялык өнүгүүгө багыт алат деген ишенимде болушкан.

Парламенттин депутаты Азимбек Бекназаров «март ыңкылабынын негизги максаты Акаевдин режимин кулатып, коомдун демократиялык өнүгүшү үчүн жаңы багытта иш алып барууну көздөгөн», дейт. Анын айтымында, ыңкылап алдында жана андан кийин элге берген убадалардын канчасы аткарылды, канчасы аткарылган жок, бул тууралуу президент отчет бериши керек:

-Эл эмне Акаевди кызматтан кетирип, анын ордуна Бакиевди коюп койобуз деп революция жасады беле? Жок. Эл бул режимди,системаны өзгөртүп адилет коомдо жашайбызбы деп үмүттөнгөн да. Мына ошол үмүт бир жылда аткарылып атабы, же аткарылбай жатабы бул тууралуу революция менен келген президент отчет бериш керек.

Мындай талап жеке эле депутат Азимбек Бекназаровдун демилгеси эле эмес, коомдогу алдыңкы саясий күчтөрдүн да талабы экендигин билдирди «Кыргызстан демократиялык кыймылы» партиясынын лидери Жыпар Жекшеев :

-Системаны өзгөртүш керек деген демилге азыркы биздин коомдогу алдыңкы саясий күчтөрдүн, саясий партиялардын, саясатчылардын талаптары. Системаны өзгөртмөйүнчө, жаңыча курмайынча биз тарыхта абийирибиз төгүлүп, элге бул жөнүндө эч кандай түшүндүрө албайбыз. Биз эмне Аскар Акаевди кызматтан кетириш үчүн ызы-чуу кылдык беле. Биз Акаевди кетиргенден кийин бийликте жаңы деген адамдар мурдакы системаны калтырып калыш керек беле? Жок. Биз жаңыланууну күткөнбүз.Элдин мүдөөсүн аткарабыз дегенбиз. Ошолордун бардыгы аткарылбай келатат. Мурдагы коомчулукта, мурдагы системада орун алып келген жат көрүнүштөр бүгүн да орун алып келатат,-деди Жыпар Жекшеев.

Жогорку Кеңештин депутаты Жантөрө Сатыбалдиев парламенттик башкаруу формасы коомдогу системаны өзгөртүүгө өбөлгө болот деген көз карашта:

-Өнүккөн мамлекеттердин бардыгын карап көрсөк, дээрлик бөлүгү парламенттик башкаруудагы мамлекеттер. Себеби көпчүлүктүн бийлиги бир кишинин бийлигине караганда жыйынтыгы жакшы болобу, деген менин жеке пикирим да.

9-февралда өткөн Коопсуздук кеңешинде президент Курманбек Бакиев Кыргызстандын бийлик системасына жана Конституцияны реформалоо маселесине токтолуп, ал Кыргызстанга америкалык башкаруу системасы ылайыктуу экенин, тактап айтканда аткаруу бийлигинин башында турган күчтүү президент жана күчтүү парламент керек деген пикирин билдирген.

-Менин оюмча, референдумду күтпөй эле конституциялык жараянды күчөтүш керек. АКШ президенттик республика. Ар бири өз ишине жооп берет. Анда жоопкерчилик президент менен премьер-министрдин ортосунда чаржайыт кетпейт.

Анын мындай пикирин саясатчылардын бир бөлүгү колдоп чыккан. Буга чейин президент Конституциялык реформаны күзүндө жыйым-терим бүткөндө өткөрүүнү белгилеген.

Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү колдогон айрым саясатчылар, бейөкмөт уюмдардын, жарандык коомдордун өкүлдөрү жаңы бийлик да күчтүү президенттик бийликке ыктап, баш мыйзамды реформалоону атайын кечиктирүүдө деген божомолдорун айтышууда.

Ал эми экс-спикер Медеткан Шеримкуловдун пикиринде, Курманбек Бакиев экс-президент Аскар Акаевдин каталарын кайталагандан сак болушу керек:
- Акаевдин системасына, Акаевдин жүргүзгөн саясатына каршы чыгып атып, эгерде учурдагы экинчи президент Курманбек Бакиев Аскар Акаевдин «таз» кейпин кийе турган болсо, анда бул Курманбек Бакиевге кадыр-барк алып келбейт. Бары бир эл эртеби-кечби калчап койот.

XS
SM
MD
LG