Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:16

ИРАК: ШИЙИЛЕРДИН РАДИKАЛ ДИНИЯТЧЫСЫ СУННИЛЕР МЕНЕН ШИЙИЛЕРДИ БИРИГҮҮГӨ ҮНДӨДҮ


Иракта суннилер менен шийилердин тирешүүсү уланып жатат. 22-февралда Самарра шаарында шийилердин ыйык жайы жардырылып, зомбулуктун жаңы толкунуна түрткү берди. Ошол күндөн бери дээрлик 200 киши курман болду, алардын көпчүлүгүн шийилердин өч алуусуна туш болгон суннилер түзөт. 20 чакты мечит жок кылынды.

Атуулдук согуштун тутанышынан чочулаган ирактык саясий жана диний лидерлер секталар аралык жаңжалды жөнгө салууга аракеттенишүүдө.

Жекшембиде шийилердин радикал диниятчысы Муктада ас-Садр Басра шаарындагы жыйынга катышып, мусулмандарды биригүүгө чакырды:

- Мен динге ишенген бардык адамдарга, суннилерге, шийилерге кайрылып, бири-бирине бир туугандай мамиле кылууга чакырам, - деген Садр суннилердин мечити же шийилердин мечити деген түшүнүк жок деди:

- Мен суннилер менен шийилерди чогуу табынууга үндөйм.

Андан көп узабай Басрадагы мечиттердин биринде жардыруу болду. Кол салуу үчүн жарадар болгон 3 киши шектелип жатат. Полициянын болжолунда, алар бомбаны коюп жатканда ал мөөнөтүнөн мурун жарылып кеткен.

Хилла шаарындагы жардыруудан 5 киши ажал тапты. Бул шаарда суннилер менен шийилер аралаш жашайт.

Борбор калаа Багдадда коопсуздук чаралары күчөтүлгөн бойдон кала берүүдө. Өкмөт шаарда машина менен жүрүүгө салынган тыюунун мөөнөтүн дүйшөмбүгө чейин узартты.

Жергиликтүү полициячы, лейтенант Махмуд Муртада “Ройтерстин” кабарчысы менен болгон маегинде жергиликтүү калк бийлик менен кызматташып жатат деп белгиледи:

- Атуулдар биз менен жакшы кызматташып жатышат. Алар чукул кырдаал абалына баш ийүүдө. Биз абдан керек учурларда гана элдин ары-бери каттоосуна уруксат берип жатабыз.

Ирактын коргоо министри Саадун ад-Дулами ишембиде соңсуз “атуулдук согуштун” коркунучу жөнүндө эскертти.

Премьер-министр Ибрахим Жафари, президент Жалал Талабани жана бир катар саясий лидерлер өлкөдөгү кырдаалды талкуулашты.

XS
SM
MD
LG