7-февралда төрага Ө.Текебаев президент К.Бакиевдин наамына ачуу сөз айткан эле, аны кийин орой айтылган сөз катары баалашты. Мамлекет башчысы Бакиев 3-февралда Жогорку Кеңешке келип, парламентти сындап кеткен.
8-февралда Текебаев кызматтан кетүү ниети бардыгын билдирген. Андан кийин Текебаевдин отставка маселеси бир нече ирет талкууланды. Акыры депутаттар 20-февралда жабык түрдө бюллетен таштап, добуш беришкен. Ал жолу Текебаевдин кызматтан кетүүсүнө 4 добуш жетпей калган.
21-февралда депутат З.Жамалдинов Текебаевдин отставкасы боюнча добуш берүүдө кемчиликтер кеткен деп, маселени кайра козгогон. Бийликке ыктаган депутаттар кайра добуш берүү керек деп чыгышкан. Ак үй дагы бул маселени ачык жана тымызын колдогон, жер-жерлерде иштер уюштурула баштаган. Акыр соңу Текебаев Эмгек кодексине ылайык өз эрки менен арызын жазып берип отурат.
Жаңы төрагалыкка талапкер катары К.Байболовдун, М.Султановдун, З.Эсенамановдун, А.Салымбековдун, С.Жээнбековдун, Т.Cариевдин аттары аталууда.