Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:12

ЕВРОБИРИМДИК СЕРБИЯГА ЭСКЕРТҮҮ ЖАСАП, БИР АЙ МӨӨНӨТ БЕРДИ


Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери дүйшөмбү күнү Брюсселдеги жыйынында Сербияга эскертүү жасады. Эгер Белград Гаагадагы эл аралык трибуналга Балкандын Ратко Младич өңдүү башкы аскерий кылмышкерин келерки айдын соңуна чейин кармап бербесе, келечекте өлкөнүн Евробиримдикке кирүүсү боюнча баштапкы сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учурашы ыктымал.

Евробиримдик Балкан чөлкөмүндөгү өлкөлөргө алар белгилүү бир критерийлерге жооп берген шартта гана келечекте уюмга кошула аларын 2003-жылы убада кылган эле. Аскерий кылмыштар боюнча Гаагада жайгашкан эл аралык трибунал менен кызматташтык ошондо эле негизги шарттардын бири катары белгиленген болчу. Ал эми былтыр октябрда Еврокомиссия Сербия менен сүйлөшүү баштаганда, уюмга мүчө 25 өлкө эгер ал Евробиримдиктин талаптарына жооп бербесе, сүйлөшүүлөр токтотулары жөнүндө декларация кабыл алган. Сербия үчүн эми ушундай тобокелчилик жаралгандай. Бирок ал дагы бир айлык мөөнөт алды.

Европалык министрлердин дүйшөмбү күнкү жыйынында расмий Белград босниялык сербдердин мурдагы аскерий кол башчысы, генерал Ратко Младич өңдүү адамдарды март айынын соңуна чейин кармап бериши керектиги айтылды. Немец тышкы иштер министри Франк- Вальтер Штайнмайер белгилегендей, андай болбосо өлкөнүн Евробиримдикке кошулуусу боюнча сүйлөшүүлөр алдыга жылбайт:

-Мен ушул аптанын бейшембисинде Белградга барам. Албетте, анда бир жагынан биздин cтабилдүүлүк жана байланыш келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууга даярдыгыбызга, экинчи жагынан серб өкмөтүнүн Эл аралык трибунал менен кызматташуу ниетинине көңүл бурамакчымын.

Стабилдүүлүк жана байланыш деп аталган келишим боюнча сүйлөшүүлөр Сербиянын Евробиримдикке кошулуусундагы алгачкы кадам болуп эсептелет. Анын кийинки айлампасы ушул жылдын апрель айына белгилгенген. Люксембургдун тышкы иштер министри Жанн Асселборндун айтымында, аскерий кылмышкерлерди кармоо жөнүндөгү талап ультиматум катары кабылданбашы керек:

-Биз Младич менен Караджичти кармоо үчүн колдон келгендин баарын жасоо канчалык маанилүү экенин эскертүүнү көздөп жатабыз. Биз ультиматум коюууга камынган жокпуз. Менимче, бул –туура жол эмес, бирок биз кысым көргөзүүнү көздөп жатабыз.


Өткөн аптада босниялык сербдердин мурдагы аскерий кол башчысы, генерал Радко Младич туткундалганы тууралуу ырасталбаган маалыматтар тарап кеткен эле. Бирок кийинчерээк серб өкмөтү анын камалгандыгы жөнүндөгү кабарды төгүндөп, дайын –дареги али белгисиз экенин маалымадады. Ал эми из жашырып жүргөндөрдүн экинчи бири – Радован Караджич 90-жылдардагы согуш учурунда босниялык сербдердин жолбашчысы болгон. Айтор Евробиримдик Сербия боюнча азырынча бир жаңсыл чечим чыгара элек.

Кокус сүйлөшүүлөр токтотулса, баяндамачылапрдын пикиринде, Сербиядагы экономикалык өнүгүү басаңдап, өлкөдөгү саясий кырдаалга да терс кесепети тиет. Анткен менен кандай чечим кабыл алынган күндө да, Евробиримдик тең салмактуулукту табууга муктаж.

Бир жагынан ал Сербияга карата өтө жумшак да боло албайт. Экинчи жагынан серб өкмөтү менен коомдук пикирден каршылыгын жараткыдай катаал чарага баруу да ылайыксыз. Мындан Сербия, Евробиримдиктин өзү үчүн да пайда жок.

Дегеле Евробиримдиктин кеңейүүсү - былтыр уюмдун жалпы Констититуциясы эки өлкөдө : Франция менен Голландиядагы референдумда өтпөй калгандан бери кыйын-кычыктуу маселе бойдон калууда. Андыктан Сербиянын үмүтүн өчүрүү жалпы жараянга терс салымын кошот деген да пикирлер бар. Анын үстүнө Евробиримдиктин учурдагы төрагасы Австрия - уюмга Балкан өлкөлөрү кошулуусунун кызуу жактоочусу. Ал кеңейүү жараянына зыян тийишине кызыкдар эмес.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG