Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:56

Жалалабатта парламентти таратууну талап кылган митинг өттү


ЖАЛАЛАБАТ. Парламентти таркатууну талап кылган тынчтык митингин «Жаңы Кыргызстан», “Эркиндик”, Кыргызстан коммунисттер партияларынын облустук бөлүмдөрү уюштурду. Нааразылык акциясына аталган уюмдар менен ыңкылапты коргоо комитеттери жана бейөкмөт уюмдардын 50дөн ашык өкүлү катышты. Облустук Барпы театрынын алдына чогулган митингчилер белгилегендей, ыңкылап былтыр эки талап койгон. Ага ылайык Аскар Акаев кызматтан кеткен, эски бийликтин көрсөтмө жан тартуусу менен шайланган Жогорку Кеңеш сакталып калган. Саясий сахнага айланып, мыйзам чыгаруу жана аны көзөмөлдөө милдетин унуткан парламент мындан ары иштөгө моралдык жактан укуксуз. Ушундай деген митингчилер Жогорку Кеңешти таркатуу үчүн облуста, экс-спикер Ө.Текебаевди депутаттык мандатынан ажыратуу үчүн Базаркоргон районунда кол чогултаарын билдиришти. Башка кишилер Жогорку Кеңешке мөөнөтү бүткөнчө иштөөгө мүмкүндүк берүү зарылдыгын айтышты.

XS
SM
MD
LG