Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:26

СЕРБИЯ ЖАНА МОНТЕНЕГРО МАМЛЕКЕТИНЕ ЭСКЕРТҮҮ ЖАСАЛДЫ


Нарын АЙЫП, Прага Европа Биримдигинин жетекчилиги 27-февралда Сербия жана Монтенегронун өкмөтүнө кайрылып, эскертүү жасады. Эгер аскерий кылмышкер деп таанылган адамдар жакын арада кармалып, эл аралык трибуналга өткөрүлүп берилбесе, өлкөнүн Биримдикке мүчө болуп кириши тууралуу сүйлөшүүлөр токтотулушу мүмкүн.

Эскертүү жөнүндө Европа Биримдигинде учурда төрагалык кылган Австриянын тышкы иштер министри Урсула Плассник жарыялады: "Мурдагы Югославия боюнча түзүлгөн Эл аралык трибунал менен Cербия толук кызматташууга тийиш экени тууралуу биз Сербияга ачык, кыска жана башка мааниде түшүнүлбөс белги бердик",- деди австриялык министр 27-февралда.

Биримдиктин кеңейүү маселелери боюнча комиссары Олли Реендин айтымында, толук кызматташуу деп аскерий кылмышкерлерди кармоого аталган мамлекет бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонууга тийиш дегенди түшүнүш керек: "Толук кызматташуу деген - кайсы бир өлкө же биздин учурда аталган мамлекет өзүнүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонууга тийиш дегенди билдирет. Ал өкмөт бардык тийиштүү кагаздарды, күбөлөрдү даярдап, өзүнүн коопсуздук кызматтарына жана башка уюмдарына тапшырма берип, качып жүргөн кылмышкерлерди кармаш керек жана ал максатка жетиш үчүн бардык чаралар колдонулууга тийиш", - дейт комиссар Реен.

Мурда ушу сыяктуу эскертүү кошуна Хорватияга да жасалган жана былтыр октябрда аскерий кылмышкер деп күнөөлөнгөн генерал Анте Готовина кармалып, Гаагадагы трибуналга өткөрүлүп берилген. Сербияда азыр негизинен эки адам - Радован Караджич жана Ратко Младич изделүүдө. 1990-жылдарда Боснияда ич-ара согуш жүрүп жатканда, Караджич Босниянын ичинде Босниялык серб жумуриятын түзүп, аны башкарган. Генерал Младич болсо ал жумурияттын аскерий күчтөрүн жетектеген.

Алар өлкөнүн борбору Сарай-Босна шаарын курчоого да алган жана ал аракеттер учурунда, трибуналдын айтымында, 12 миң адам курман болгон. 1995-жылдын июлунда болсо босниялык серб аскерлери Сребреница шаарында сегиз миңге жакын эркек мусулманды кырып салган.

4-5 апрелде Сербия менен Европа Биримдиги ортосунда кезектеги сүйлөшүү өтүүгө тийиш жана кылмышкерлер кармалбаса, ал сүйлөшүү болбой калышы ыктымал.

XS
SM
MD
LG