Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

Азимбек БЕКНАЗАРОВ: “МАРТ ЫҢКЫЛАБЫ—ЭЛДИК ЫҢКЫЛАП БОЛГОН”


Жакында март ыңкылабына бир жыл болот. Былтыр ушул күндөрү Кыргызстандын ар кайсы аймактарында шайлоонун 1-айлампасынын жыйынтыгына нааразы болушкан шайлоочулар нааразылык билдирип атышкан эле. Ал эми Жалалабадда Элдик кыймылдын мүчөлөрү Акаевдин бийлигин алмаштырууну пландаштырып жатышкан. Ошол күндөрдүн негизги жетекчилеринин бири, элдик кыймылдын штаб башчысы болуп турган Азимбек Бекназаров ыңкылап кандайча ишке ашырылганы тууралуу “Азаттыктын” угармандарына айтып берди. Анда назарыңыздарга ошол маекти сунуштайбыз. Аны кабарчыбыз Замира Кожобаева жүргүзөт.

-Азимбек мырза, март ыңкылабы былтыркы парламенттик шайлоонун адилет өтпөгөндүгүнөн пайда болгон нааразылыктардан улам келип чыккан деген пикирлер айтылып келет. Чынында эле, ошол кезде Кыргызстандын түндүгүндө да, түштүгүндө да нааразылык оттору тутанып турган эле. 4-март күнү Жалалабаттын акимчилиги бийликке нааразылык билдирген адамдар тарабынан ээленип алынбадыбы. Муну сиздердин бийликти алмаштырууга таштаган алгачкы кадамыңар деп эсептөөгө болобу?

-Кээ бир адамдар айтып жүргөндөй “басып алуучулук” болгон эмес. Эгерде Жалалабаддын ошол убактагы губернатору качып кетпей, ал жерде туруп, эл менен жолугушуп, сүйлөшсө, биз администрациянын имаратына басып кирмек эмеспиз. 24-мартта деле Акүйдү басып алды деп айтып атышпайбы, Акаев качып кетпесе мындай болмок эмес. Өзү бийлик чирип бүтүп, кулайын деп калган экен, Шарипов Жалалабатты таштап качты, андан жыйырма күндөн кийин Акаев Кыргызстанды таштап качып кетти. Март ыңкылабы кокустук же, шайлоодон келип чыккан нааразылыктардан эле боло калган ыңкылап эмес, тээ мурдатан эле алдын ала даярдалган элдик ыңкылап болгон.
Ага даярдык болсо 25-февралда Жалалабатта раматылык Жусуп Бакиевдин үйүндө сүйлөшүлгөн. Курманбек Бакиев, Үсөн Сыдыков, Бектур Асанов жана башкалар мага батасын берип, “ишти эми сен өзүң туура көргөндөй жүргүзө бер” деп уруксат беришкен. Мен 28-февралда Бишкекке келип, Топчубек Тургуналиев, Замира Сыдыкова жана башка ошол учурдагы ниеттештерге бул тууралуу айттым. Алар колдой тургандыгын билдиришти. Мына ушундан тартып, активдүү түрдө ыңкылапка аракет кыла баштадык. 3-мартта Жалалабадда митинг болмок эле, ал 4-мартка жылып, ал күнү митинг өткөрүү менен кошо облустук администрациянын имаратын алдык. Андан кийин Ошто, Баткенде жана башка жерлерде аракеттерибиз ишке ашады.

- Бирок ошол мезгилде шайлоонун акыйкатсыздыгына нааразы болуп, райондук администращиялардын имараттарын ээлеп алып жаткан элдин баары эле сиздерди колдой бербегендигин сиз буга чейин да айтып келдиңиз эле..?


-Акимчиликтерди басып алуу деген башка. Шайлоонун адилетсиздигине нааразы болгон элдер Таласта, Ысыккөлдө, Нарында, Кочкордо болуп атпадыбы. Ал эми революциялык дем менен “Акаев кетсин, Акаевдин режимин кулатабыз” деген максат менен басып алуу таптакыр башка нерсе. Биз Таласта, Кочкордо, Тоңдо кырдаал күч алышын күттүк да. Кырдаалдын бышып жетилишин күтүп отурдук. “Жапаровду шайлоого кое бергиле”, “Малиевдин талапкерлигин калыбына келтиргиле” жана башка деген талаптардын баары “Акаев кетмейинче шайлоо акыйкат өтпөйт экен, булардын талапкерлиги калыбына келбейт тура” деген аң-сезимге келүүсүнө чейин күттүк. Мына ушуга көздөрү жеткенден кийин гана алар бизге кошулушту. Ага чейин алар өзүнүн жеке маселелери: каалаган талапкерлеринин шайлоого баруусун шарттоо үчүн акимчиликтерди басып алып жатышкан. Бул революцияга аракет эмес эле, бул басып алуулар мамлекеттик төңкөрүш жасоо, системаны өзгөртүү максатында болгон эмес. Ал жерлерде кызыкчылык бирөө гана—өздөрү каалаган талапкердин шайлоого баруусун шарттоо болчу. Ал эми биздин элдик кыймылдын күрөшү—таптакыр башка күрөш, бийлик системасын өзгөртүүгө болгон күрөш эле.
Кийин ошол элдик кыймылга Акылбек Жапаров менен Равшан Жээнбеков тарапкерлери менен келип кошулушту. Бул жерде алар жалгыздап күрөшүүдөн жеңишке жетпешине көздөрү жетип калгандан кийин гана республикалык деңгээлдеги элдин революциялык кыймылына кошулушту.

-Демек, ыңкылап шайлоого чейин эле башталган экен да..?


-Ооба. Ыңкылап мурда эле башталган. Биз ыңгайлуу учурду, революциялык кырдаалдын пайда болушун күтүп жүрдүк да. 20-февралдан тарта эле Кыргызстандын бардык жеринде эл толкундап, революциялык от тутана баштаган эле. Революциялык кырдаал башталды. Мен шайлоого карабай, өз окуругумду таштап, 24-февралда Жалалабатка кеттим. Ал кезде Курманбек Бакиев элдик кыймылдын төрагасы эле. Ага, Үсөн Сыдыковго, Дооронбек Садырбаевге жана Бектур Асановго жолугуп, Дүйшөн Чотоновду чакырып, баарына айттым: “Мына бышып калды, азыр учур келди. эми ушул элдин баарынын башын бириктирүүгө тийишпиз. Анткени шайлоого нааразы болгон адамдардын баары бизге кошулат. Ушул учурдан пайдалансак үлгүрүп калабыз, болбосо Акаев 2010-жылга чейин бийликтен кетпейт” деп айтып, түшүндүрдүм. Алар мени колдошту. Ошону менен биз тилегибизге жеттик. Ошол кездеги шайлоого нааразы болгон, аны акыйкатсыз өткөрүп жаткан бийликке нааразы болгон элдин башын кошуп, ыңкылапты жеңиш менен ишке ашыра алдык.

-Бирок бийлик деген бийлик да. Сиздер ыңкылапка киришип, аны баштап жаткан кезде анын күчүнөн коркуп, чочулаган учурлар деле болгондур..? Анткени ал кезде саналуу эле кишилер элеңер?


-Ошол убакта ыңкылапчылардын негизги чордонун түзгөн кишилер тийип-качкан адамдар эмес элек. Биз 2002-жылдан тарта эле башыбызды сайып койгон болчубуз. Корко турган эч нерсе жок эле. 4-мартта Жалалабаттагы облустук администрациянын имаратын ээлеп алгандын эртеси күнү бийлик атайын каршы митинг уюштурду. Алар биздин кишилерге салыштырмалуу үч-төрт эсе көп, эки-үч миң киши болчу. Бирок Бектур Асанов алардын чакырык жазылган плакаттарын тытып, баарын “Акаевдин куйруктары” деп кууп жибербедиби. Бизде ыңкылаптын деми бар эле. Мына ушул дем, бизде ыңкылапчыл дем болгон. Ал эми тигилерде мындай дем жок, мойнунан байлагандай келип атпайбы. Биз аз болгонубуз менен дем, андан тышкары карапайым калктын колдоосу бар эле. Калың эл баары бир ичинен бизди колдоп турган, биз ошого ишенгенбиз. Мына ошондуктан март ыңкылабы элдик ыңкылап. Аны чоң саясатчылар уюштурган жок, биз жөн гана жүрөгү эзилип, Акаевдин бийлигинен чарчап бүтүп калган элдин башын бириктирип, уюштуруп койдук.


-4-март күнү эл Жалабатта облустук администрациянын имаратына кирип барган эле. 5-март күнү биз, журналисттер бийлик түнкү саат үч-төрттөрдө күч менен кирип, имаратты тазалайт экен деген каңшаар уккан элек. Бирок иш жүзүндө андай болбоду. Ошол боюнча 20-мартка чейин бийлик унчукпай келди..?

-Жоок, бийлик бир нече жолу аракет кылып жатты. Жумалиев, Садиевдер.. Ошол убакта Жалалабаттагы ИИБ жетекчиси Эгембердиев эле. Алар кууп таркатууну, тазалоону каалаганы менен милиционерлер алардын буйругун аткарбай койду да. Баягы Аксы окуясынан кийин милициялар да жетекчилерин укпай калышкан. Алардын көбү “эл мененбиз” деп өтө башташкан ошол учурда эле..

-Бул 20-марттан кийин болбоду беле..?

-Жок, 4-марттан тарта эле айрым бир тартип коргоо кызматкерлери жетекчилеринин буйругун аткарбай баштаган. 4-март күнү эле бир топ милиция кызматкерлери “элге тийбейбиз, буйрук берсе да элге каршы курал, күч колдонбойбуз” деп эле айтышкан. Аларды мен билем, алар азыр деле милициянын катарында иштеп жатышат.


-Андай болсо.. 20-марттагы окуяны ишке ашырган, элди уруп-сабап акимчиликтен алып чыккан кишилер кайдан эле.?


-Алар борбордон барышкан, баягы “шапкечендердин” балдары болгон. Алар милиция кызматкерлери эмес. Анча-мынча ОМОН кызматкерлери болгон, акчага сатылган. Булар кийин деле 17-июндагы Акүйдү алууга аракет жасагандардын арасында жүрүштү. Алар Адил Тойгонбаевдин командасы болчу.


(1-бөлүктүн аягы. Уландысы бар).
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG