Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

АКЫРКЫ СОВЕТТИК ЖОЛБАШЧЫ ГОРБАЧЕВ 75 ЖАШТА


2-март күнү мурдагы Советтер Союзунун акыркы жетекчиси Михаил Горбачев 75 жашка толду. Орусиялык маалымат каражаттарынын айтымында, постсоветтик аймакта “кайра куруу менен айкындуулуктун атасы” Горбачев жонундо анекдот чыгарбаган, же аларды укпаган кишини табуу кыйын. Ошол эле учурда ал өзүнө ыйгарылган кадыр-барктуу эл аралык сыйлыктардын саны жагынан да бардык Москвалык жетекчилерди артта калтырды. Горбачев деги ким өзү?

Экс-советтик лидер Михаил Горбачев кутман курак 75ке чыгаар алдында Москвадагы Элдердин достугу университетинде өткөн жолугушууда “Деги сиз баштаган кайра куруу иши жеңдиби, же максатына жетпей жайран болдубу?” деген суроого: “Сөзсүз жеңди. Анткени эми мурдагы Советтер Союзунун аймагында ар кандай жетекчилер, авторитардык башкаруу, же дагы башкасы болушу мүмкүн, бирок мурдагы тоталитардык доорго жол жок, ал биротоло жоюлду”, - деп жооп берди. Ошол эле маалда ал: “эч убакта Советтер Союзун кыйратууну пландаштырмак тургай, тилеген да эмесмин”, - деп агынан жарылды.

Эмнеси болсо да, 1985-жылы килейген коммунисттик империянын жетекчиси болуп дайындалган Горбачев советтик саясат менен экономикадагы созулуп кеткен “дымып калууну” айыптап, өлкөгө сөз эркиндигинин желин айдап келген айкындуулук менен катып калган бюрократиялык системага каршы кайра куруу кампаниясын жарыялаган. Советтик маалымат каражаттарында мурда болуп көрбөгөндөй материалдар жарыяланып, далай саясий туткундар менен диссиденттер азаттык алышкан. Михаил Горбачевдун либералдык саясаты Батышта кызуу колдоо таап, 1990-жылы ага Тынчтык жаатындагы дүйнөлүк Нобель сыйлыгы ыйгарылды. Бирок өз өлкөсүндө улам бир жерде согуш тутанып, элдин жашоосу кескин начарлап кеткендиктен Горбачев мекенинде Батыштагыдай мактоого бөлөнбөдү.

Горбачев өзү “Азаттыктын” кабарчысы менен болгон маегинде буга Орусиядагы кедейлик менен айрым саясатчылардын амалкөйлүгү себеп болуп жатканын айтат.

- Айрым кишилер азыркыдай жакырлыкка Сталин жол бербейт эле, же азыркыдай коррупцияга Сталин эч качан жол бермек эмес деп калышат. Бул эми көп нерседен кабары жоктордун айткандары. Бирок кыйын жашоодон улам ушундай маанайга берилген элдин сезимин айрым саясатчылар өз кызыкчылыгында пайдалана коюп жатышпайбы. Биз эч убакта демократия жолунан кайтпашыбыз керек. Руханий эркиндик, диний ишеним эркиндиги далай күрөштүн жеңиши экенин эстен чыгарбоо зарыл

Михаил Горбачев шаршембиде Москвадагы университетте өткөн жолугушууда Орусиянын алыскы айылдарынын биринде дыйкандын үй бүлөсүндө төрөлгөнүн, 10 жашында алгачкы ирет радио тыңшап, мектепти алтын медал менен бүтүргөндүктөн Москва мамлекеттик университетине экзаменсиз кабыл алынып, 40ка чыкканда араң телевизорлуу болгонун айтып берди. Кесиби боюнча юрист, партияга жаштайында кошулган ал коммунисттик тепкичте улам көтөрүлүп отуруп, Советтер Союзун 1985-жылдан 1991-жылга чейин башкарган акыркы жетекчи болуп калды. Эксперттер айткандай, ал өзү баштаган реформалар акыры Горбачевдун кызматын гана эмес, ал башкарган Советтер Союзун да жоюп тынды.

Дүйнөдөгү коопсуздукка коркунуч келтирген “кансыз согушту” токтотуп, Европаны, Германияны экиге бөлгөн системаларды кыйратып, “айкындуулук менен кайра куруунун атасы” аталган Горбачев Нобель сыйлыгынан тышкары далай эл аралык наам, сыйлыктарга татыды. Бир гана ошол реформалардан бери социалдык-экономикалык жактан оңоло албай келаткан өз мекенинде түрлүү баага арзып келет. Университеттеги жолугушууда Горбачевдон: “Сизди ЦРУнун агенти деп жүрүшөт. Ошол чынбы?” - деп да сурашты, ага Нобель сыйлыгынын ээси: “ушул суроодон тажаганымдан ооба деп кутулчу болдум”, - деген жооп узатты. Кантсе да, ушундай суроо да ал өзү баштаган айкындуулуктун айгинеси эмеспи.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG