Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:14

ПАРЛАМЕНТТИН ЖАҢЫ СПИКЕРИ МАРАТ СУЛТАНОВ: БИЙЛИК БУТАКТАРЫ ТИЛ ТАБЫШКАН САЯСАТ ЖҮРГҮЗӨТ


2-мартта Жогорку Кеңештин төрагалыгына Марат Султанов шайланды. Анын талапкерлигин «Келечек» депутаттык тобу сунуштап, добуш берүүдө 45 депутат ага макул болушту. Марат Султанов шайлангандан кийинки алгачкы сүйлөгөн сөзүндө парламентти бөлүп-жарбай, биримдигин чыңдап, консенсус саясатын жүргүзөрүн билдирди.

Бул күнү эртең менен бир топ депутаттар каттоодон өтпөгөндүктөн, парламент ишин баштай албай, депутаттар бир топ талашып, тартышты. «Жибек жолу» депутаттык тобу шайлоону кийинкиге калтырууну сунуштаарын топтун жетекчиси Султан Урманаев билдирди:

- “Жибек жолунун” мүчөлөрү баары ушул жерде. Эгер мыйзамдарды карасак, катталып, ишти баштай берели. Күн тартибиндеги төраганы шайлоо болсо, биз шайлоого катышпайбыз деп чечтик.

Ал эми депутат Аскар Салымбеков төраганы түндүктөн шайлоону сунуш кылды:

- Бизде түндүк-түштүк деген маселе бар. Бул маселени көтөргөнгө мен караманча каршымын. Азыр карап көрсөк, сот бийлиги түштүктөн, баш прокурор түштүктөн, президенттик админстрация башчысы түштүктөн, спикер да түштүктөн эле. Эми түштүктүн депутаттары жакшы ойлонуп, төраганы түндүктөн шайлап берсеңер…

Аскар Салымбековдун мындай сунушу бир топ депутаттардын нааразылыгын пайда кылып, түндүк-түштүк маселесин саясатка айландырбоо керектиги тууралуу сөздөр айтылды. Депутат Султан Урманаев болсо мындай сөз үчүн кечирим сурады:

- Мен Аскар Салымбековдун сөзүнө кошулбайм. Ал үчүн мен кечирим сурайм. Эгер биз ушинтип бөлүнө берсек, кыргыз элинин алдында чоң күнөө кылабыз. Бизге ынтымак керек. Биздин катталбай жатканыбызда болсо эч кандай саясат жок. Туура эмес чечим кабыл алып албайбы, кеңешели деп жатабыз.

Ушундай талаш тартышуудан соң «Жибек жолу» депутаттык тобунун төрага шайлоону кийинкиге калтыруу сунушу добушка коюлуп, колдоо таппаган соң, депутаттар төрага шайлоого киришти.

Төрагалыкка «Келечек» депутаттык тобу Марат Султановдун, «Жибек жолу» тобу Замирбек Эсенамановдун талапкерлигин жылдырышты. Ал эми Исхак Масалиев Аскар Салымбековдун, Аскар Салымбеков болсо Исхак Масалиевдин талапкерлигин сунуштады. Бирок экөө тең өз талапкерликтерин алып салышты.

Маселе добушка коюлуп, Марат Султановду 37, Замирбек Эсенамановду 19 депутат колдошту. Төрага болушуна бир добуш жетпей калган Марат Султанов экинчи айлампага чыгып, 45 депутаттын макулдугун алды.

Добуш берүүнүн жыйынтыгын эсептөө комиссиясынын төрагасы Камчыбек Жолдошбаев жарыялады:

- 61 бюллетендин жараксызы - 2, керектен чыгарылганы - 10. Марат Султановго макул деп 45, каршы деп 14 добуш берилген. Жашыруун добуш берүүнүн экинчи айлампасынын натыйжасында Марат Султанов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы болуп эсептелсин.

Марат Султанов шайлангандан кийинки алгачкы сүйлөгөн сөзүндө парламентти бөлүп-жарбай, биримдигин чыңдап, консенсус саясатын жүргүзөрүн билдирди.

Андан соң жаңы төрага журналисттердин суроолоруна жооп берип, президент менен мамилеси тууралуу буларга токтолду:

- Курманбек Бакиев менен жеке мамилем начар эмес, бирок аша чапкан дос да эмеспиз. Мурдагы мыйзам чыгаруу жыйынында экөөбүз бир отурганбыз. Мен Курманбек Бакиевди сыйлайм. Ачык айтканда, бардык жагынан тажрыйбасы бар, күчтүү инсан деп эсептейм.

Ал эми аны айрымдар "Ак үйдүн адамы" деп атап жатканы тууралуу суроого спикер мындайча жооп узатты:

- Бул сөздүн мага тиешеси жок. Өмүрбек Текебаев кеткенден кийин мага Үсөн Сыдыков телефон чалып, башка бир талапкер жөнүндө сүйлөшмөкчү болгондо, мен бул маселеге кийлигишпеңиз, жайына койуңуз, парламент өзү чечет деп айттым. Анда сөз мен жөнүндө эмес, башка бирөө тууралуу болгон.

Марат Султанов 1960-жылы 12-майда Бишкек шаарында туулган. 1994-98-жылдары Улуттук банктын төрагасы, андан соң өлкөнүн каржы министри болгон.

2000-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган. 2005-жылдагы парламенттик шайлоодо ал кайрадан ЖК депутаттыгына шайланып келген. Анын былтыркы негизги атаандашы - мурдагы ЖК Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев болгон.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG