Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:56

БУШ: ООГАНСТАН – ЭРКИНДИККЕ УМТУЛУУНУН ҮЛГҮСҮ


АКШнын президенти Жорж Буш шаршембиде Ооганстанга күтүүсүз сапар менен барып кетти. Индия менен Пакистанга ырасмий визит менен баратып, жолдо Кабулга токтогон Буш Кошмо Штаттар ооган элинин демократиялуу өлкөдө жашоо аракетин ар дайым колдой турганын кайталады.

Жубайы Лора Буш, АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райстын коштоосунда Кабулга кыска сапар жасай кеткен президент Буш ооган элине Америка аларды ара жолдо таштабай турганын кайталаса, президент Карзайга Пакистанга барганда ооган жетекчилеринин тынчсызданууларын айта бараарын билдирди.

Шаршембиде Баграмдагы аба базасына конгон учактан АКШнын президенти дароо Кабулдагы президенттик сарайга жеткирилип, Ооганстандын лидери Хамид Карзай менен чакан жолугушуу өткөргөн соң, эки жетекчи журналисттердин суроолоруна жооп беришти. Адегенде сөз алган Карзай толкундана Бушту Ооганстандын ондогон жылдарга созулган согуштардан баш көтөрүп, жаңы турмушка багыт алуусуна жардам көрсөткөн киши деп атады.

- Бүгүн Ооганстанда ушундай бактылуу учур, биздин эң мыкты досубуз, колдоочубуз, боштондукка чыгып, кайра курууну баштап, келечекке бет алууга жардам берген президент Буш биз менен бүгүн Ооганстанда, - деп жарыялады Хамид Карзай.

Асманда коопсуздукту күзөткөн аскердик учактар менен тикучактар кыйма-чийме айланып турган чакта АКШ президенти ооган элинин эркиндик, демократияга болгон көп жылдык умтулуусу дүйнөдөгү башка элдерге дем берип жатканын белгиледи.

- Дүйнөдөгү элдердин баары азыр Ооганстанда эмне болуп жатканына көз салып турган чак. Мен ооган эли демократияга жетсе, башкаларды шыктандырып, эркиндикке жете албай жаткандар үчүн үлгү боло алаарына ишенем. Дүйнө эркин болгондо гана бейпилдик бекемдейт.

АКШ президенти андан ары “Ал-Каида” террористтик уюму али багына электигине көңүл бурду.

- Биз “Ал-Каиданы” алсыздандыруу ишинде бир топ жеңишке жетиштик. Акырындык менен террорчул уюмдарга аралашкан адамдар соттолуп жазасын алууда, дүйнөдө бул маселени түшүнүү пайда болгону да биздин аракеттердин жемиши.

Соңку айларда Ооганстанда кол салууларын күчөткөн “Ал-Каида” уюму – президент Буштун жума күнү Пакистандын лидери Первез Мушарраф менен жолугушуусунун башкы темасы болмокчу.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG