Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:12

БҮГҮН ХАМАС ТОБУНУН ЛИДЕРЛЕРИ МОСКВАГА КЕЛИШЕТ


Төрөкул Дооров, Прага Бүгүн 3-мартта Палестинанын ХАМАС тобунун лидерлери эки күндүк сапар менен Москвага келишет. Орусиянын президенти Владимир Путин Жакынкы Чыгыштагы тынчтык процессине катышып жаткан мамлекеттердин ичинде ХАМАСты өз өлкөсүнө сүйлөшүүгө чакырган алгачкы саясатчы. Орус президентинин чечимин эларалык коомчулук таң калуу менен кабыл алган эле. Бирок орус жетекчилиги Москвада өтө турган сүйлөшүүлөрдө ХАМАСты “куралын таштап, Израилди мамлекет катары таанууга” чакыра тургандыгын билдирди. Бирок чынында Москванын максаты муну менен эле чектелбей тургандай.

Путин ХАМАСты Москвага чакырганда алгач Израил, анан Кошмо Штаттары, Европа Биримдиги жана Улуттар уюму, - баары буга айран таң калып, эмне дээрин билбей, делдейип калышты.

Анткени ХАМАС менен сүйлөшүүгө баруу дегени Жакынкы Чыгыштагы айтылуу “квартеттин” аракеттерин көзгө илбегендик же ага каршы багытта иш кылуу болуп жатпайбы...

АКШ, Евробиримдик жана Бириккен улуттар уюму кирген квартет ХАМАСты “террор уюму” деп билишет жана согушчул топ куралын таштамайын эзели аны менен сүйлөшүүгө барбай турганын билдирген.

Тел-Авив болсо “Орусиянын кадамы Израилге каршы чабуулдарды даярдап жаткан ХАМАСты легитимдештирүү аракети болуп жүрбөсүн” деп, Москвага эскертүү да жасаганы бар.

Ал эми орус президенти В.Путин "“ХАМАС демократиялык шайлоодо жеңип чыккан жана Орусия бул топту эч качан террорчу деп эсептеген эмес”, - деп өз позициясын коргогондой болду.

Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров бүгүн ХАМАСтын лидерлери менен жолугушуу учурунда топтун жетекчилерин зордук-зобундардан баш тартып, Израилди мамлекет катары таанууга чакыраарын айтты.

Анткен менен байкоочулар “Москвада өтө турган бул сүйлөшүүлөрдөн майнап аз болот ко” дешет.

Анткени Москвага келчү палестиндик делегацияны жетектей турган Халид Мишал: “"ХАМАС" Орусия менен бүт суроолорду талкуулаганга даяр, бирок биз эч качан Израилди “мамлекет” деп тааныбайбыз”, - деген болчу.

Анда эмнеге Орусия бул шартта болбой эле Израил менен ХАМАСты жараштырууга далалаттанып жатат?

Москвадагы “Панорама” деп аталган аналитикалык борбордун серепчиси Владимир Прибыловский Москванын аракеттерин жөн гана Жакынкы Чыгыштагы орус дипломатиясынын абройун көтөрүүгө жасалып жаткан аракет деп баалады.

- В.Путин ортомчулук ишине катышуу менен Жакынкы Чыгыштагы абалды жөндөөдө Орусиянын же жеке өзүнүн абройун арттыргысы келип жатат. Же жок эле дегенде бул иште “Орусиянын мааниси чоң” деп көрсөтүүнү каалайт, - дейт Владимир Прибыловский.

Канткен менен бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн мааниси ХАМАС үчүн өзгөчө болоору бышык. Анткени ХАМАСка Палестинанын атынан чыккан саясий күч катары Жакынкы Чыгыштагы тынчтык процессине аралашып жүргөн негизги мамлекеттердин бири менен алгачкы ирет бетме-бет сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп отурат.

XS
SM
MD
LG