Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:36

ИРАКТЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ ЖАФААРИДЕН ИШЕНИМ ТАЙЫДЫ


22- февралда Ирактын Самара шаарындагы шииттердин ал-Аскария мечитинде болгон жардыруудан кийинки жаатташтык чатагында 450 жакын киши набыт болду. Калабанын эпкини саясый кризиске айланууда. Бейшемби күнү күрт партиялары шиит коалициясына кат жолдоп, премьер-министр Ибрагим ал - Жафааринин жаңы өкмөттүн башында болуусун каалабасын маалымдады. Катты айрым сунни партиялары, ошондой эле секулярдык партиялар да колдошту.

Ирак өкмөтү шиитер менен суннилердин жаатташтык урушун басуу үчүн жума күнү Багдадда менчик автомобилдер менен жүрүүнү тыйды. Өткөн жума күнү да ушундай чара көрүлгөн. Саясый жана диний башчылардын тынчтыкка чакырган үндөөсү өч алуу толкунун аз да болсо басты. Бирок, 2003-жылы мартта АКШлык күчтөр Иракка басып киргендан бери абал азыркыдай катаал болгон эмес. Мындай шартта күрт жана суннит партиялары, ошондой эле секулярдык партиялар- премьер-министр Ибрагим Жафаари жаатчылык согушун токтото албады деп күнөөлөшүп, анын жаңы өкмөттү жетектешине каршы чыгышты.

Ирак парламентинин мүчөсү, улуту күрт Махмуд Осман:

-Биз, Күртыстан каолициялык кыймылы, суннилердин Ирак элдешүү майданы, доктор Аяд Алави башындагы топ жана Ирак улуттук партиясы өз кайрылуубузда шииттердин альянсынан премьер-министрликке башка адамды көрсөтүүнү сурадык. Биздин оюбузча, мырза Жафаари менен дагы беш жыл иштешүү биз үчүн жеңил болбойт.

Жафаари -12-февралдагы колго салууда- радикалдуу шиит диниятчысы Муктада ас-Садрдын колдоосу менен атаандашы вице-президент Абдил Абдулмехдиден көп добуш алган. Ибрагим Жафаари шиитердин эң чоң диний партиясынын төрагасы да.

Суннилер ас-Садрдын Мехди армиясын Самарадагы жардыруудан кийинки өч алуу чабуулдарын уюштурду деп санашат. Күрттөр Жафаари шиит диний топторун жана алардын согушчул канатын колдоп жүрөт деген ишенимде жана анын мунайга бай Киркук шаарын Күрт автономиясына кошуу талабын аткарбай кечиктиргенине нааразы.

Күрт талдоочусу, азыр Нидерландияда жашаган Жабар Кадырдын айтымында:-Диний партиялар шариятты саясый жана социалдык турмушта колдонууга ынтызар болушкандан көпчүлүк эл күрттөр- Жафаари менен коалиция түзүп, жаңылыштык кылды деп ойлошот. Муну, менин байкашымча, күрттөрдүн блогу жана күрт жамааты жакшылыкка алып барбайт дешет.

Шиитер коалициясы премьер-министрликке Жафааринин ордуна башка талапкерди сунуш кылбаса, Ирактын жаңы өкмөтүн түзүү дагы создугат.

XS
SM
MD
LG