АКШ президентинин визити алдында антиамерикалык демонстрацияларды болтурбоо үчүн Пакистандын коопсуздук кызматтары оппозициянын жүздөгөн мүчөлөрүн, анын ичинде таанымал саясатчы, мурдакы спортсмен Имран Ханды убактылуу камакка алды.
Исламабадда Пакистан лидери Первез Мушарраф менен жабык эшик артында өткөн сүйлөшүүдөн соңку пресс-конференцияда, президент Буш эки өлкөнүн терроризмге каршы согуштагы кызматташуусу өтө маанилүү экенине көңүл бурду:
-“Ал-Каиданы” жеңүү үчүн көп иштер жасалыш керек. “Ал-Каиданын” жеңүүнүн эң мыкты жолу: чалгындоо маалыматтарын бөлүшүү, алардын табуу. Андан кийин аларды жоопкерчиликке тартса болот.
Первез Мушарраф өз кезегинде Жорж Буш менен болгон сүйлөшүү Пакистан- АКШ арасындагы стратегиялык байланышты “кайра жандандырып, балким дагы бекемдей” турганын, Исламабад согушчандарга каршы согушта чабалдык кылып жатканына ишаара кылды:
- Кечигип аткарылбаган иштер болсо, аларды бүткөрүү мүмкүн. Узактан берки ыкласыбызга жетүүнүн стратегиясы анык жана ага жетүү үчүн аракеттенип жатабыз. Биз ийгиликке жетебиз.
Президент Буш Индия менен Пакистанды эки ирет согуштурган Кашмир маселесине токтолуп, каршылашкан эки өлкө жетекчилеринин маселени жөндөө багында бирин-бири утурлай жасаган кадамдарын оң баалады. Бирок, Пакистанга, коңшулаш Индияга убада кылынгандай, ядролук программанын алкагында көмөк берилеби, ал жөнүндө ооз ачпады.
Вашингтон мындар ары Пакистандын Ирандан газ алуусуна каршы эмес экени да маалымдалды:
–Президент (Мушарраф) Пакистандын экономикасы өсүп жаткандыктан, өлкөнүн энергияга муктаждыгы бар экенин жана газ станцияларынын абалын мага түшүндүрдү. Биздин регионго газ жеткирүүнүн зарылдыгын аңдап билгенибиз жакшы болду.
Президент Буш өз сөзүндө Пакистандагы демократиялык реформанын алкагын кеңейтүү зарылдыгын да белгилей кетти. Первез Мушарраф жети жыл мурда аскерий төңкөрүштүн натыйжасында бийлик башына келген.