Депутат Азимбек Бекназаров 24-мартты элдик революциянын күнү катары таанып, ырасмий майрам кылып киргизүү боюнча мыйзам долбоорун даярдап жаткан. Аңгыча мамлекет башчы 24- март иш күн болбойт деди. Ал жакында бул күндү кантип белгилөө тууралуу жарлыкка кол койорун айтты. -«Бул күнү бардык райондордо майрамдык салтанаттар өтөт, Көз карандысыздык күнүно тете майрам катары камдануу керек,»- деп айтты президент.
Элдик ыңкылапка бир жыл толоор алдында бул окуяга ар кыл баалар берилип, революциянын идеялары турмушка ашкан жок деп бүшүркөгөндөр да бар. Март ыңкылабына башат койгон далай пикеттерге катышкан Ракыя Жусупова революциянын жемиши болгон жок, андыктан аны майрамдаштын да кажети жок деген ойдо:
-Революция өз максатына жеткен жок, ошондуктан белгилегенге да татыксыз болуп калды. Реолюцияны жасаган адамдар өздөрү нааразы, карапайым калк да ыраазы эмес. Мен да ыраазы эмесмин,-дейт «Эрайым» бейөкмөт уюмунун лидери Ракыя Жусупова.
Март ыңкылабы болоордо бийликтин жогорку эшалонунда турган адамдардын бири Кеңешбек Дүйшөбаев. Ал басма сөз аркылуу бул күнү революция эмес, төңкөрүш болгон деген оюн кайталап келатат. «Акыйкат» партиясынын лидери оболу эл арасында бул күнкү окуя революциябы же төңкөрүшпү деген сурамжылоо жүргүзүү керек деген сунушун айтат.
- Алгач элдин пикирин билиш керек. Кадимкидей сурамжылоо жүргүзүп чыгыш керек. Эл муну революция деп санайт бекен. Революция болду, жыргап кеттик десе анда белгилейлик, -дейт Кеңешбек Дүйшөбаев.
Бирок бийлик алмашкандан берки бир жыл ичинде жакшы өзгөрүүлөр болду деген оптимисттик маанайдагы тараптар да бар. Билим берүү, илим министри Досбол Нур уулу кайра жаралуунун күнү катары белгилеш керек дейт:
- Элдик революцияны жөн калтырган болбойт. Бул деген эгемендик күн менен барабар майрам. Чыныгы революция болгон деп эсептейм, ошондуктан элдин талабы катары белгилеш керек, -дейт министр.
Коммунисттер партиясынын лидерлеринин бири Орозбек Дүйшеев болсо 15 жыл бою мамлекетти талкалаган системаны жеңген үчүн бул күн чоң майрам деген ойдо:
- Бийликке жалаң ушундай адамдар чогулуп, талап- тоноп, мамлекеттин талкалоонун үстүндө болушкан. Биздин өндүрүз 90-жылдарга салыштырганда 10-15 пайызды гана түзөт. Деги эле тарыхта мындай талоончулук болгон эмес. Башка бирөөлөр басып алганда да болбоптур. Анан ушундай системаны жеңип, бийликти кулатыш майрам эмес бекен!?