Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

МАГАТЭ ИРАНДЫН ИШИН КАРАЙТ


Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик- МАГАТЭнин директорлор кеңеши бүгүн Венада башталуучу жыйынында Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча эми кандай чечимге келүү керектигин талккулайт. Анын соңунан Ирандын мааселеси БУУнун Коопсуздук кеңешине берилиши ыктымал. Мындай шартта Тегеранга каршы санкция киргизилүүсү мүмкүн. Иран кокус маселе БУУнун Коопсуздук кеңешине берилсе, уранды байытуу ишин кеңири масштабда жүргүзүүгө киришээрин билдирди. Ага катар тегерандык расмий өкүлдөр сүйлөшүүлөрдө бурулуш болушу мүмкүн экенин да жокко чыгарбады.

МАГАТЭ Ирандын маселесин БУУнун Коопсуздук кеңешине берүүнү 4-февралда эле чечкен. Бирок аны менен бирдикте Коопсуздук кеңеши марттагы жыйынга чейин кандайдыр бир конкреттүү аракет жасабаш керектигин белгилеген болчу. МАГАТЭ Иран бир айдын ичинде уюм менен кызматташуусун кеңейтип, ачыктыгын көргөзөт, уранды байытуу ишин, өзөктүк изилдөөлөрүн толук токтотот деген үмүттө турган. Анткен менен мунун бири да ишке ашкан жок.

Уюмдун башкатчысы Мохаммед эл-Барадейи азыркы жыйынды утурлай даярдаган докладда МАГАТЭ Иран уранды байытуу программасын кеңейткенин билээри, бирок ал толугу менен тынчтык максатты гана көздөйт деп ырастай албасы айтылган. Тегеран болсо программасы тынчтык максатты гана көздөөрүн дембе-дем айтып келүүдө?

Ирандын сүйлөшүү жүргүзүүчүлөр тобунун башчысы Али Лариджани кечээ, эгер алардын маселеси БУУнун Коопсуздук Кеңешине берилсе, Тегеран уранды байытууга кеңири масштабда киришээрин эскертти:

-Изилдөө жүргүзүү жана өнүгүү – Ирандын улуттук кызыкчылыгындагы маселе. Иран мындан артка кайтпайт. Алар Ирандын ишин Коопсуздук кеңешине берип, чоң ийгиликке жете алабыз деп ойлобошу керек. Алар өзү үчүн проблема жаратышат.

Байытылган уран өзөктүк реакторлорду тынчтык максатта иштетүүдө отун катары пайдаланылат, бирок ал - өзөктүк бомба жасоодо керектелүүчү негизги заттардын да бири.

Тегерандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча Батыштын кооптонуусун басуу, ага каршы БУУнун Коопсуздук кеңешинин чарасын алдын-алуунун ыктымал жолу катары Орусия Ирандын муктаждыгы үчүн уранды өзүнүн аймагында байытууну сунуш кылган эле. Бул максатта биргелешкен ишкана түзүү боюнча тараптар бир нече айлампада сүйлөшүү өткөрүп, бирок азырынча жыйынтыктоочу макулдашууга жете алган жок.

МАГАТЭнин жыйынын утурлай Иран менен Евробиримдиктин үч өлкөсү: Британия, Франция, Германия ортосундагы 3-мартта өткөн соңку сүйлөшүүлөр да кандайдыр бир жыйынтык бербеди. Ал эми Ирандын өзөктүк энергия боюнча мекемесинин башчысы Голамреза Агазаденин айтымында, Орусиянын ошол сунушу боюнча макулдашуу МАГАТЭнин жыйыны учурунда жаралып калышы да мүмкүн.

Эгер МАГАТЭ Ирандын маселесин биротоло Коопсуздук кеңешин берүүнү чечсе, бул эл аралык органдын туруктуу мүчөсү АКШ создуктурбастан тез аракеттенчидей. Вашингтондөн түшкөн маалыматтар, Кошмо штаттар Ирандын ишин Коопсуздук кеңешинин талкуусуна келерки аптанын соңунда эле алып чыгыш ыктымал экенин каңкуулоодо.

"Вашингтон Пост" гезити 4-марттагы санында жазганына караганда, Батыш Иранга каршы дипломатиялык кысымды күчөтчүдөй. АКШ МАГАТЭнин жыйынын утурлай даярдагын билдирүүнүн долбоорунда Иранга өзөктүк программасын токтотуп, МАГАТЭнин инспекторлору менен кызматташуусу үчүн 30 күн берилээри, болбосо дипломатиялык жактан катаал кысымга кабылары айтылган. Гезиттин маалыматы боюнча мунай эмбаргосу, экономикалык санкция, ирандык расмий өкүлдөрдүн ары-бери каттоосун чектөө өңдүү чаралар америкалык жана европалык дипломаттар ортосунда талкууланууда.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG