Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:42

САЯСИЙ РЕБУС : 24-МАРТТА ЫҢКЫЛАП БОЛДУБУ ЖЕ ТӨҢКӨРҮШПҮ?


6-мартта Жогорку Кеңеш 24-мартты элдик ыңкылаптын күнү катары жарыялоо тууралуу мыйзам долбоорун карады. Долбоордо бул күндү эс алуу күнү катары эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү жагы да каралган. Депутаттар маселени кароодо 24-мартта чын эле элдик ыңкылап болдубу, же төңкөрүшпү же жөн гана бийлик алмашуубу деген суроолордун тегерегинде баш катырышып, аны кароону кийинкиге калтырышты.

Мыйзам долбоору Азимбек Бекназаров менен Дооронбек Садырбаев тарабынан даярдалган. Депутат Бекназаров чет өлкөдө иш сапары менен жүргөндүктөн долбоор тууралуу Дооронбек Садырбаев баяндама жасаган соң, депутаттар ага «Март окуясын элдик ыңкылап деген туурабы?» «Майрам катары белгилесек ошол күнү таланып-тонолгондор, запкы тарткандар эмне кылышат?» деген сыяктуу суроолорду жаадырышты.

Айрым депутаттар эс алуу күн болсо мамлекеттик казынага чыгым болоорун айтышса, дагы бирлери бул окуяга тарых баа берээрин, ошондуктан азырынча аны расмий белгилөөгө шашылуунун кереги жоктугун айтышты. Ушундай талаш-тартышуудан кийин палатада долбоор добушка коюлса өтпөй калчудай кырдаал түзүлдү. Бул арада башка депутаттар менен кошо Дооронбек Садырбаев да аны кийинкиге жылдырууну сунуштап жиберишти. Акыры Марат Султанов долбоорду артка жылдырды. Ага парламенгт кийинки жумада кайрылышы ыктымал.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG