Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:19

АКМАТБАЕВДИ АКТАГАН СОТ ЧЕЧИМИНИН МЫЙЗАМДУУЛУГУН АДИЛЕТ МИНИСТРЛИГИ ТЕРИШТИРҮҮДӨ


Азиза Турдуева, Бишкек Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Рыспек Акматбаевди толук акталган адам деп чечим чыгарып берген. Соттун мындай чечими менен премьер-министрдин аппараты макул болбой, жакында Феликс Кулов адилет министрлигине соттун чечими канчалык мыйзамдуу экенин текшерип көрүүнү тапшырды. Анда Рыспек Акматбаевге карата 2004-жылдагы «Мунапыс жөнүндөгү» мыйзам туура эмес колдонулганы айтылган. Ал эми айрым көз караштар боюнча Рыспек Акматбаевге карата сот чечими мыйзам чегинде чыгарылды.

Өткөн аптада премьер-министрдин аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрү Рыспек Акматбаевдин соттолгонун жоюу боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимин иликтеп, корутундусун чыгарган. Анда Биринчи май райондук соту Акматбаевге карата 2004-жылы кабыл алынган «Мунапыс жөнүндөгү» мыйзам негизсиз, туура эмес колдонулганы айтылат. Рыспек Акматбаевдин ишине байланыштуу материалдарды толугу менен иликтенбей туруп, чечим чыгарылганы белгиленет. Өкмөт аппараты Адилет министрлигине Рыспек Акматбаевди сот жообунан бошотуу жөнүндөгү чечимди укуктук жактан экспертизадан өткөрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Мындай чечимди кабыл алган Биринчи май райондук сотунун судьясы Кубанычбек Сулаймановдун көз карашында Рыспек Акматбаевге байланыштуу сот чечими өлкөнүн мыйзамдарына негизделди.

Айрым укук коргоо жана бейөкмөт уюмдары болсо Рыспек Акматбаевге байланыштуу соттун чечимин сынга алышууда. Мындай пикирин «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова да билдирди:

Биринчи май райондук соту өз чечимин ишти дыкат карап, текшербей туруп кабыл алды. Эгерде мындай чечимдер кабыл алына берсе, бийликке криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрүнүн келишине жол ачылат. Ошондуктан, менимче, бул иш кайрадан текшерилип чыгышы керек , - деди Азиза Абдрасулова.

Рыспек Акматбаевдин иши боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимин жактаган пикирлер да айтылууда. Бул тууралуу көз карандысыз адвокат Жумабек Шакиров мындай дейт:

Менин пикиримде, Биринчи май райондук сот туура чечим чыгарган. Ал эми туура эмес деген пикирлер – бул саясатташкан ойлор. Эмне үчүн соттун чечими туура эмес болушу керек? Эмне үчүн өлкөдөгү мыйзамдар колдонулбашы керек? Мен Биринчи май райондук сот Р. Акматбаевге байланыштуу чечимин туура чыгарды деп эсептейм .

Юстиция министри Марат Кайыпов 6-мартта «Азаттыкка» билдиргендей, Рыспек Акматбаевди сот жообунан бошотуу жөнүндөгү чечимдин мыйзамдуулугун аныктоо боюнча укуктук экспертиза жүргүзүлүүдө жана жакын арада ага байланыштуу атайын корутунду жарыяланат.

Буга чейин Ички иштер министрлигинен Борбордук шайлоо комиссиясына Рыспек Акматбаевдин мурда соттолгондугу тууралуу материалдар түшкөн. Буга байланыштуу БШК Рыспек Акматбаевдин мурда соттолгону жоюлган-жоюлбаганын тактап берүүнү өтүнүп Жогорку сотко 28-февралда кайрылган.

Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмоновдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, сот өндүрүшүндө каралган иштерге сот өзү кайра түшүндүрмө берүүгө укугу жок.

Рыспек Акматбаев Жогорку Кеңештин депутаттыгына Балыкчы шайлоо округу боюнча талапкер болуп катталган. Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, эгерде анын соттолгондугу жоюлгандыгы боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимин жогорку сот инстанциялары жокко чыгарса анда Рыспек Акматбаев шайлоого катыша албай калышы ыктымал.

XS
SM
MD
LG