Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:40

“Оскардын” башбайгеси саясый фильмге ыйгарылды


Америка кино академиясынын “Оскар” сыйылыгынын башбайгеси “Crash" же “Кагылышуу” аттуу аз бюджеттүү фильмге ыйгарылды.
Ал жөнүндө 78- ирет өтүп жаткан салтанатта актер Жэк Николсон жарыя кылды.
Тасмада Лос Анжелес шаарындагы расалык бөлүнүүчүлүк жана анын кесепеттери баяндалат.

“Эң мыкты режиссер” деп, кумса жигиттердин сүйүсү чагылдырылган "Brokeback Mountain" же “Өркөч тоо” фильмин тарткан, теги тайвандык киночебер Ан Ли аталды.

Түштүк африкалыктардын “Тсотси” ("Tsotsi") тасмасы-эң мыкты чет элдик фильм болду.

Амирбек Азам уулу, Прага

XS
SM
MD
LG