Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:31

ПАКИСТАНДЫН ПРЕЗИДЕНТИ КИМГЕ НААРАЗЫ?


Пакистандын президенти Первез Мушарраф Ооганстандын президенти Хамид Карзайды катуу сынга алып, Ооганстандын коргоо жана чалгындоо кызматтары жашыруун түрдө Пакистанды каралап жатат деп күнөөлөдү. Жекшембиде кечинде CNN сыналгы каналы көрсөткөн интервьюсунда Мушарраф ооган президентинин Талибандын лидери Омор молдо Пакистанда башкалкалап жүрөт деп айтканын “акылга сыйбаган” жорук деп айыптады.

Президент Мушарраф CNN сыналгы каналынын жекшембидеги программасында Ооганстандык кесиптеши Хамид Карзайды “өз өлкөсүндөгү окуялардан, анын ичинде чалгындоо кызматтары эмне менен алектенип жатканынан таптакыр кабары жок” деп айыптады.

Пакистан лидеринин айтымында, Исламабад менен Кабулдун ортосундагы тирешүү соңку айларда күч алды.

Айрыкча Мушаррафты ооган президенти Карзай “Ассошиэйтед пресс” агенттигине берген интервьюсунда Талибандын лидери Омор молдо Пакистанда жашырынып жүрөт, ал жакта талиптер колдонгон телефон номурларын да билебиз деп айткандары терең бушайманга салган:

- Алар бизге ошондой тизме берген эле. Анан минтип, ошол телефон номурларынын тизмесин маалымат каражаттарында жарыялап салып отурбайбы. Алар ошенткен соң, мен да ачыгын айтайын. Кабул берген телефон номурлардын үчтөн экиси – иштебей калган эски номурлар экен. Омор молдо жашынып отурат деп берген дарек да бекер сөз болуп чыкты. Ал жерде кадимки үй-бүлөлөр жашайт экен, Омор молдонун изи да жок ал жерде.

Пакистандын президентин айрыкча Хамид Карзай чалгындоо маалыматтарын ачык жарыялап салганы ачууланткан.

- Мен Ооганстандын чалгындоо кызматына таптакыр ишенбей калдым, бул эми айла кеткенде эптеп Пакистанды жаманаттылоо аракети – президент Карзай өз өлкөсүндө эмне болуп жатканынан кенедей да түшүнүгү жок өңдүү. Эми Ооганстандын президенти өз чалгындоо кызматын, коргоо министрлигине ооздуктап, биздин чалгынчылар менен кызматташуусу зарыл. Мен Карзайга Ооганстандын чалгындоо кызматы менен коргоо министрлигинде Пакистанга каршы кандай жашыруун иштер жүрүп жатканын билдирген элем, бизди айыптагандан мурун ошол иштерди текшерип чыгышы керек эле.

Ооганстандын өкмөтү дүйшөмбүдө Пакистан президентинин айыптоолорун талкуулаганы чогулду.

Жыйындын алдында Кабулдук башкы дипломат Абдулла Абдулла коңшулаш эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин маанисин белгилегенге ашыкты.

- Кайсыл бир жеке адамдарды, же бир министрликтин, саясий, же башка тайпанын, же кайсы бир чөлкөмдүн өкүлдөрүн Ооганстан менен Пакистандын ортосуна чагым салууда деп айыптоо болбогон иш. Ооганстанда ачык-айкын шайлоо системасы түзүлгөн, эл шайлаган президент жана парламент бар. Бардык ушул түзүлүштөр ооган элинин пайдасына кызмат кылууга багытталган.

Пакистандагы Пешавар шаарында жашаган саясий серепчи Афрасиаб Хаттак Мушаррафтын нааразылыгы өткөн ишембиде АКШ президенти Жорж Буш менен жолугушууда айтылган сөздөрдөн улам келип чыгышы мүмкүн деген пикирде.

- Өткөн жумада президент Буш адегенде Кабулда токтогондо, Пакистан тараптан Ооганстанга өтүп жаткан жоочулар маселесин президент Мушарраф менен жолугушууда сөзсүз көтөрөм деп айткан эле. Исламабаддагы биргелешкен маалымат жыйынында ал жөнүндө сөз болбосо да, Вашингтон Пакистанга кысым жасаганы талашсыз. Генерал Мушарраф кыйын абалда калды, анан ачуусун Ооганстандан чыгарбайбы.

Андан сырткары Пешавардык серепчи Хаттактын пикиринде, президент Буш Индияны АКШнын сратегиялык өнөктөшү деп сыпаттаганы да Пакистанды тынчсыздандырбай койбойт. Андан уламбы, айтор жакында Пакистандын президенти Кытайды болочок башкы өнөктөш деп атаганы бар.

Ага кошумча Кабулдун Вашингтонго арызданганы генерал Мушаррафты беймазага салган, а бирок Ооганстан менен Пакистандын мамилелери анчалык деле бузулуп кеткен жок, - деп белгилейт серепчи Хаттак.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG