Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:37

МАСХАДОВДУН ӨЛТҮРҮЛҮШҮ ЧЕЧАНСТАНДАГЫ КЫРДААЛДЫН ЖАКШЫРЫШЫНА АЛЫП КЕЛГЕН ЖОК


Былтыр 8-мартта Россиянын маалымат каражаттары чечен сепаратисттеринин лидери Аслан Масхадовдун өлүмү жөнүндө кабарлашкан эле. Анын жок кылынышы Чечен маселесинин жөнгө салынышына өбөлгө түзмөк турсун, тескерисинче, жаңжалдын Түндүк Кавказдын башка аймактарына жайылышына алып келди, - деп эсептейт “Азаттыктын” аналитиги Лиз Фуллер.

Масхадовдун кандай жагдайда жок кылынганы азырка чейин табышмак бойдон кала берүүдө. 2005-жылдын 14-январында, башкача айтканда өлүмүнө бир нече апта калганда, Масхадов бир тараптуу түрдө бир айлык мөөнөткө ок атышууну токтотуу тууралуу жарыялаган эле. Анын буйругуна ылайык, бардык сепаратисттик күчтөр аскерий операциялардан баш тартууга тийиш эле.

Ошол эле маалда Масхадов Москваны сүйлөшүүлөргө чакырган. Анын ою боюнча сүйлөшүүлөр эки негизги маселенин айланасында жүргүзүлмөк. Атап айтканда, чечен элине коопсуздук кепилдиктерин берүү жана Россиянын Түндүк Кавказдагы кызыкчылыктарын урматтоо.

Масхадов “Азаттыктын” кабарчысына берген соңку интервьюсунда орус президенти Владимир Путин Чеченстандагы чыныгы жагдайдан беймаалым деп айткан эле. Ал ошондой эле Путин менен жекеме жеке жолугушуусу чоң өзгөрүүлөргө алып келет эле деп болжолдогон:

Биз бул согушту токтотуу үчүн президент менен жарым сааттык жекеме-жеке ачык сүйлөшүү жетиштүү болоор эле деп эсептеп келгенбиз. Жана мындай сунуш менен бир нече ирет кайрылдык. Биз Путинге чечендер эмнени кааларын түшүндүрөт элек. Ал андан кабардар эмес деп толук ишенем. Биз болсо Путиндин өз оозунан Россия Чеченстанда эмне көздөөрүн уккубуз келет.

Бирок, орус бийликтери анын сунушун четке кагып келишти. Президенттин Түштүк чөлкөмдөгү атайын өкүлү Дмитрий Козак Масхадов “эбак эле Чеченстандагы кырдаалды көзөмөлдөн чыгарып жиберген” деп айткан.

Бирок Масхадовдун мураскери Абдул Халим Садулаев былтыр күздө чечен элине кайрылып, Масхадовду сүйлөшүүлөргө макул болду деп алдап, анан өлтүрүшкөн деп билдирди.

“Новое время” басылмасы быйыл жыл башында жарык көргөн сандарынын биринде Масхадовдун жардамчысынын сөзүн келтирет. Анын ырастоосунда, Москва Масхадовдун тынчтык сүйлөшүүлөр жөнүндөгү сунушуна көнүп, анын коопсуздугу камсыздалат деген кепилдик берген.

Ошондон кийин Масхадов ок атышпоо жөнүндө жарыялап, Толстой-Юрт кыштагына барат. Дал ошол кыштакта Масхадов 8-мартта жок кылынган.

Бирок бул маалыматтар эч качан тастыкталган жок. Кандай болбосун, Масхадов набыт болгондон кийин чечен тараптан сүйлөшүүнү жетектей турган легитимдүү киши жок калды.

Чечен жикчилери болсо Чеченстандын сыртындагы кол салууларын күч алдырышты. Алардын эң ириси былтыр октябрда Кабардин-Балкариянын борбору Нальчик шаарында орун алды.

Чечен сепаратисттеринин жаңы лидери Садулаев болсо жакында Түндүк Кавказды оторчулуктан бошотуу үчүн күрөшүүгө, Чеченстанда Ислам мамлекетин курууга дилгир экенин билдирди.
Мындай билдирүүлөр, албетте, Москванын компромисс табуу аракеттерин жокко чыгарат.

XS
SM
MD
LG