БИШКЕК. Кыргызстандын чукул кырдаалдар министрлиги акыркы эки күн ичинде Бишкек-Ош, Алабука-Чаткал жолунун кээ бир бөлүктөрүндө кар көчкү жүрүшү ыктымалдыгын эскертүүдө. Ушундан улам аталган жолдордо автоунааларга чектөө киргизилип, 500 метрлик аралыкта өткөрүлүүдө. Ал эми быйылкы жылдагы алгачкы жер көчкү 6-мартта Өзгөн районунда катталып, жапа чегүүлөр жана кыйроолор болгон жок. Чукул кырдаалдар министринин 1-орун басары Болотбек Айдаралиевдин «Азаттыкка» билдиргенине караганда, жаз айларында жер көчкү, сел сыяктуу жаратылыш кырсыктары күтүлүшү мүмкүн. Айрыкча Өзгөн, Каракулжа, Алай райондорунда мындай табият кырсыктары болушу ыктымал делген кооптуу аймактар бар.