Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 17:13

ЭРЖҮРӨК МАЙРАШ ЭЖЕ


Теңдикке келгенде, полигамия же көп аял алуу коомдук пикирди айрыкча бөлүп-жарган маселге айланды. Миллиондогон эркектер согуштан кайтпай калган Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийин да демографиялык көйгөйдү полигамия аркылуу чечүү маселеси коюлган эмес. Бүгүнкү тынчтык турмушта эмне үчүн бул маселе улам кайра көтөрүлүп жатат? Эгер сизди ушул суроо кабатырлантып жүргөн болсо, "Элечек" тасмасынан айрым жоопторду алышыңыз мүмкүн. Майраш эже башкы каарман болгон "Элечек" документалдуу фильми жакында Прага шаарында адам укуктарынын Бир Дүйнө фестивалында көрсөтүлдү.

Бул документалдуу тасманын башкы каарманы арабызда жүргөн, боорукер, жайдары эжелерибиздин эле бири. Анын тагдыры Кыргызстандагы аялдардын бир катарыныкы менен үндөшүп турат, айырмасы балким ал "эл укпасын, уят" деп башына түшкөн мүшкүлдү жашырып, өзү күйүткө алдырып, басынбастан, тескерисинче, эл алдына, анын ичинде эл аралык деңгээлге чыгып, аялдардын маселесине көпчүлүктүн көңүлүн бурдурду. Бирок сөз өз кезеги менен болсун.

...Майраш эже көп кыздардай эле, гүлгүндөй кезинде турмушка чыгып, күйөөсүнүн айтканы менен болуп, шаардагы бугалтердин ишин таштады. Көлдө үй салышты, беш баланын энеси болду, ылай ташып, кирчип көтөрүп жүрүп, экөө чарчап калды. Бара-бара турмуштары оңолуп, эл катарына кошулушту. Үй тирчилиги менен катар, цех ачып, боз үй жасалгалашчу, алардын боз үйү Манас эпосунун миң жылдыгында байгелүү орунга ээ болгон. Бирок мындан бир нече жыл мурда күйөөсү өзүнөн кыйла жаш келин менен жүрүп алды. Үйгө бирде келсе, бирде жок. Майраш эже акыры үйүн таштап, шаардагы кызыныкына баса берди.

" Ошондо ойлондум да, кой, мен эмне үчүн ушунтишим керек деп, куруп койгон оокатымды баарын таштап туруп, чыгып кеттим. Менин нервим ошону көтөрүлгөн жок. Өзүмчө эле туталанып, бети-башым кыймылдап, такыр эле болбой калдымда. Ошондо мен же жинди болуп кеткенге же өзүмдү жоготуп койгонго жетип калган экем."

Бирок шаарда жумуш жок, кытайлык кийим тиккен ишканада тигүүчү болуп орношту. Майраш эжени коңшу-колот, туушкандары "чыдап эле жашай бербейсиңби, балдарың чоңойуп калды" деп, кайненеси да "кайтып кел" деп жалдырады. Эгер ал ыкка келгенде, бул күйөөсүнүн экинчи аял алганына макул болгондукту билдирмек.

Кыргызстандын мыйзамдары бирден ашык аял алууга тыюу салат. Бирок убакыт өткөн сайын экинчи аял алган атка минерлер көбөйүүдө. Жер жайнаган укук коргоочулардын арасынан буларды кылмыш жообуна тартууну талап кылган бирөө да чыга элек.

Мыйзамдуулуктун сакталышына көз салуу милдети жүктөлгөн Акыйкатчы өзү бир нече жолу бул маселени көтөрүшү иш жүзүндө мыйзамды бузууга чакыруу экендигин укук коргоочулар билмексенге салып келатканы алардын укук маселесине кош стандарт мамиле жасашаарынан кабар берет. Бирок бирөөнүн күйөөсүн бузуп, тийип алган келиндер деле жыргап кетти деп ойлосоңуз, жаңылышасыз. "Сезим" кризистик борборунун психологунун сөзү боюнча, экинчи аялдар да жардам сурап көп кайрылышат.

Көп аял алууну жактагандар адатта куранды бетке кармашат. Бирок бүгүнкү күндө буга кандай негиз бар? Бишкектик молдолордун бири мындай дейт:

"Аллах бир эркекке төрткө чейин аял алууга уруксат берген, себеби, адамзаты пайда болгондон бери, тынымсыз согуштарда көп эркектер кырылып, көп аялдар күйөөсү жок калчу. Бүгүн андай согуштар жок, бирок эркектер ичип кетет, наркотик сайынышат. Канчасы түрмөдө отурат, дараметсиз эркектер көп, же аялын бакканга алы келбейт.

Эгер молдонун айтканы чын болсо, үй-бүлө куруп, аялына шарт түзүп, балдарын бакканга жарабаган эркектердин көптүгү албетте ойлондурбай койбойт, ошол эле мезгилде, Кыргызстанда аялдарга караганда, эркектер аз, ошондуктан эркектерге көп аял алууга уруксат бериш керек дегендин канчалык негиздүү экендигин айтуу кыйын. Себеби чет элдиктерге турмушка чыккан кыздар аз эмес, Орусия, Казакстанда соода кылып, же иштеп жүргөндөрдүн басымдуу бөлүгү аялдар экендигин эске алганда, балким бүгүн Кыргызстанда демографиялык кризис тууралуу сөз кылуу канчалык негиздүү жана бул кимдин кызыкчылыгында көтөрүлгөн маселе деген суроо туулат.

Мындаадеп-ахлак маселеси да бар. Куранда эркек жетим-жесир талаада калбашы үчүн, ошондо да баарына тең мамиле жасай алса гана, төрткө чейин аял алса болот деп айтылган. Ал эми бүгүн экинчи аял алгандар ошолордун катарына киреби? Бул төп келишпестикти зордук-зомбулук көргөн аялдар менен иштеген "Сезим" кризистик борборунун психологу "бир нече аялды бага ала турган аткаминерлер Ош базарында отурган байкуш келинди экинчи аял кылып алчудай сүйлөп жатышат" деп таамай белгилейт.

"Элечек" филминде момун мусулмандардын арасынан да бул карама-каршылыкка кайрылгандар бар:

"Аялынан уруксат сурабай, экинчи аял алгандар бул дене кумарын кандырууну ойлогондор. Акчам бар, демек тигинде бирди, мындан бирди алам деп ойлойт. Эгер ал төрт аял алган салтты калыбына келтиргиси келсе, Алланын башка талаптарына да баш ийсин, болбосо, дагы аял алам, бирок башка талаптарды аткарбайм деп ойлошот.

Майраш эже башкы каарман болгон "Элечек" документалдуу филми жакында Прага шаарында адам укуктарынын Бир Дүйнө фестивалында көрсөтүлдү. Башкы каарман Майраш эже менен кошо келген режижер Наила Рахмадиевадан мен бүгүнкү Кыргызстанда аялдардын өз алдынчалыгын көтөрө албай, стресс болгон эркектер да аз эмес экенин, алар тууралуу кино тартууну ойлогон жок белеңиз деп сурасам, ал муну тартса болоорун мындайча билдирди:

"Эркектерге аябай боорум ооруйт. Айрыкча кийинки кездерде. Мына мигранттардын 70 пайызы аялар деп айтып жатасыңар. Алар бардык кыйынчылыктардын басымдуу бөлүгүн өздөрүнө алышууда. Ал эми эркектер тез мертинишет окшойт, алар кайра куруунун, кийинки өзгөрүүлөрдүн жүгүн көтөрө алышкан жок. Аялдар өз ордун таап, алга жылат. Эркектерге алда-канча кыйыныраак, балким мен бир күнү бул тууралуу кино тартам.

Фильмдин башкы каарманы бүгүн башка аялдардын колдоосу менен, көркөм кол өнөрчүлүгүнө адистешкен ишканада иштейт. Заңкайган элечектерди жасап сатат, чыгармачылык менен ойлонуп, күтүлбөгөн материалдарды колдонуп, кооз жоолуктарды жасайт, анча-мынча тыйын топтоп, же колдоо болсо, кайра цех ачып, боз үйдүн ички жасалгасын жасагысы келет. Бул тилектерин Майраш эже Азаттыктын Прагадагы штаб-квартирасында журналисттер үчүн уюштурулган дискуссиядан кийин айтып берди. Мен Майраш эжеден өз турмушу тууралуу ачык айтып чыккандан тартынган жоксузбу деп сураганымда, ал тескерисинче, бул туура кадам болду деди:

"Мен балдарым, туугандарым көрүп калат деп эч качан корккон жокмун. Себеби өзүмдүн алдыма койгон максатым болгондон кийин ачыкка чыккам. Чыгыш керек болчу. Азыркы тапта мен туура кылган экемин деп ойлойм. Мен ошол убакта жалгыз болчумун. Азыр болсо мени көп аялдар түшүндү".

XS
SM
MD
LG