Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:02

МАРАТ СУЛТАНОВ: КЫЗУУ КАНДУУЛУККА АЛДЫРБАГАНГА АРАКЕТ КЫЛАМ


Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов менен кабарчыбыз Бурулкан Турдубек кызы жаңы төраганын жүргүзө турган саясаты, парламенттин иш багыттары, бай жана кызуу кандуу саясатчы саналган депутаттын кандай төрага болору тууралуу маектешти.

- Марат мырза, сизди «Азаттык» радиосу Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланышыңыз менен куттуктайт. Төрага катары ишиңизди эмнеден баштадыңыз?

- Мен биринчи эле Жогорку Кеңештин аппаратынын жыйынын өткөрдүм. Аларга маалымат бердим: эч ким бошотулбайт, бардыгы өз ордунда калат. Мамлекеттик мекеме болгондон кийин мамлекеттик ишмер жөнүндөгү мыйзамдын негизинде иштейбиз. Төрага алмашканы менен эч ким өз ордун жоготпойт. Бир гана нерсе, Өмүрбек Чиркешовичтин (мурдагы төрага Ө. Текебаев) үч жардамчысы бар эле. Алардын экөө өз ыктыяры менен жумуштарынан кетишти. Дагы бирөө менен сүйлөшөбүз. Ал эми экөөнүн ордуна мен жаңы жардамчы алам.

- Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Өмүрбек Текебаевдин кызматтан кетишине байланышкан жагдайлар депутаттарды эки жээкке бөлүп, парламентте ажырым пайда болду деген пикирлер бар. Азыр жагдай кандай? Парламентте чын эле кризис болуп атабы? Аны жөнгө салуунун кандай жолдорун караштырып атасыңар?

- Жо-ок, парламентте кризис жок. Өмүрбек Чиркешовичтин кетпешине эки депутаттык топ негиз болуп берди эле. «Жибек жолу» жана «Эл биримдиги» деген бул депутаттык топтор менен бүгүн мен жолугуп, сүйлөштүм. Бири-бирибизди абдан жакшы түшүндүк. Негизинен ал жердеги депутаттардын көбү төрага шайлайбыз деп көптөгөн айлар иш болбой калабы деп коркушкан экен биринчи жагынан. Экинчи жагынан Өмүрбек Чиркешовичтин ишмердүүлүгүн сыйлап, булар колдоп турушкан. Бирок, менин оюм боюнча мага деле булар анча каршы эмес. Ошондуктан, бул кишилер менен тил табышабыз деп ойлойм.
Экинчиси, үч-төрт фракция негизинен мени колдоп, башынан көрсөтүп жүрүшкөн. Бирок, өзүңөр билесиңер башынан мен өзүбүздүн агаларга мүмкүнчүлүк түзүп берейин деп шайлоонун биринчи айлампасында баш тарткам. Алардын көбү ошондо биз сага ишеним көрсөтүп атсак талапкердигиңди алып койдуң деп нааразы болушту эле. Бирок, ошол кезде бул абдан туура болгон. Бул Жогорку Кеңеште өзүн көрсөтүүгө саясий күчтөргө мүмкүнчүлүк түзүп берди.

- Парламентте эң зарыл, кечигүүсүз чечүүнү талап кылган маселелер кайсылар деп эсептейсиз?

- Биринчиден, негизги функцияларыбыз мыйзам чыгаруу, мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө жана эл менен байланышты үзбөө. Азыр эми 267ден ашык мыйзам долбоорлору биздин комитеттерде жатат. Ошолорду тез арада карап, ары же бери деген чечимге келишибиз керек. Алардын арасында жүйөөлүү, орчундуу мыйзамдар бар. Мисалы, менчиктештирүү, энергетика жөнүндөгү, социалдык багыттагы мыйзамдар, тоолуу райондорду колдоочу мыйзамдар, Салык кодексине өзгөртүү киргизүү, лицензиялоо, мамлекеттик сатып алуу жөнүндө ( ал жерде азыр көптөгөн нааразылыктар болуп атат) өңдүү мыйзамдарды мен негизгилер катары карайм.

- Сиздердин палатада 71 депутат бар. Алардын экөө 24-марттан кийин дээрлик сессияларга катыша элек. Алардын бири экс-президенттин уулу Айдар Акаев, экинчиси - Мурат Малабаев. Бул депутаттардын мындан аркы жагдайы кандай болот?

- Регламент боюнча эгер алар сессиянын жарымынан көбүнө катышпаса, төрага бул депутаттарды чакыртып алууга палатага өз сунушун киргизсе болот. Менимче, ошондой убакыт келип калды. Мен азыр сунуштарды даярдоого тапшырма берип атам. Муну чечишибиз керек. Депутаттар келбейт, бирок, эч кандай чара көрбөй атканыбыз туура эмес болуп калат. Ошондуктан, бул сунуштарды апрель айында мен Жогорку Кеңештин жыйынына алып чыгам.

- Мурдагы төрага Айдар Акаевге байланышкан маселе мартта каралат деди эле да?

- Анда бул маселени төрага сунуштаган эмес. Ал Кемин районунун шайлоочуларынын кайрылуусун кароо деген маселе болчу. Регламент боюнча маселени төрага сунушташы керек.
Эгер биз чын эле шайлоочуларыбыздын, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөсөк, анда биз эң негизи тартиптен башташыбыз керек. Ошондуктан, мен ойлоп атам, ушул багытта ишти күчөтүшүбүз керек. Азыр аппаратта да мен планеркаларды киргизип атам. Ар бир бөлүм, башкармалык баяндама түрүндө маалымат берип турат. Төрага саясатчы эле эмес, администратор да болушу керек.

- Сиз жетектеген Жогорку Кеңеш бийликтин башка бутактары менен кандай иштешет? Анын ичинде өкмөт менен, сот органдары менен, ириде президенттик администрация менен кандай иштешет деп сурагым келет. Себеби, сиз төрагалыкка коюп аткан кезде, эгер, Марат Султанов төрага болуп келсе парламент өкмөттүн же ак үйдүн чөнтөк парламентине айланат деген сөз кетти эле…

- Аны ким айтканын билбейм. Өздөрү төрага болууну каалагандар айтса керек. Мен эч качан бирөөнүн чөнтөгү да болгон эмесмин. Бирөөнүн кандайдыр бир жанжөөкөрү да болгон эмесмин. Бирок, мен дайыма биз адилеттүү иштешибиз керек деп айтып атам. Жөн жерден өкмөттү жамандай берген, жөн жерден эле өкмөткө басым көрсөткөн да туура эмес. Ага да иштегенге мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Албетте, өкмөт туура эмес иштесе, ага сөзсүз өз сын-пикирибизди айтышыбыз керек. Мага кээ бир учурда эмне жакпайт? Мен пресса кызматын чакырып айттым, парламентте үч пикир айтылат: өкмөттү, аткаруу бийлигин, башка бийлик бутактарын жактаган, сындаган, анан орто позициядагы калыстыкка аракет кылган сунуштар айтылат. Парламенттин ишин чагылдырууда ушул үч багытты тең көрсөтүп тургула деп атам. Ушул өкмөттүн чөнтөк парламент болобу? Мен адилеттүүлүк болсун деп атам. Эл да, депутаттар да уксун. Бул биринчиден.
Экинчиден, мен өкмөттө иштегем. Аткаруу бийлигиндеги кыйынчылыктарды дагы жакшы билем. Мына депутаттардын көбү өздөрү деле айтып жүрүшөт. Өзүңө өзүң кожоюн эмессиң. Депутаттар өзүнө өзү кожоюн. Мисалы, министрлер бир депутатка жооп берип атып, экинчи депутаттын кызыкчылыгына доо кетирип коюшу мүмкүн. Ошон үчүн өкмөт менен Жогорку Кеңештин ортосундагы ишти системага келтиришибиз керек. Ошон үчүн мен комитеттердин отурумдарын так бир күнгө коюу керек деп атам. Ошондо өкмөттө иштеген адам өзүнүн маселеси каралыш ыктымалдыгы бар күндү билет да, ошол күндү бошотуп коет. Муну мен депутаттык топторго айттым, эми комитет төрагалары менен жолукканда да айтам.

- Сиз бай саясатчылардын катарында турасыз. Ушундай калыптанган пикир бар экен көпчүлүктө… Байлыкты каттоо деген маселеге кандай карайсыз?

- Мен муну колдойм. Болгондо да Кыргызстандын бардык жарандары менчик мүлкү тууралуу декларация толтурушу керек. Мисалы, биздеги депутаттардын, министрлердин, сот тармагында иштегендердин же тартип коргоо кызматкерлеринин толтурган декларацияларын карап көрсөңөр – бечаранын бечарасы. Жашаган үйлөрү заңгырайт. Аларды чоң энесине, же дагы бир башка тууганына жаздырып коюшат. Ооба, толтурган деларациям боюнча мен бай депутаттардын арасына кирем, ачык айтканда. Себеби, көпчүлүк декларацияларда байлыктар көрсөтүлбөйт. Муну эл көрүп, билип эле турат. Мына бизде деле чөнтөк чыгым үчүн бир нече депутат батир жок деген негиздеме менен акча алышат. Мен бир-экөөнү чакырып уят эмеспи десем, алар мына менде эч нерсе жазылган эмес, жок дешет. Бирок, биз билебиз көбүнүн үйлөрү бар.

- Сөзүңүзгө аралжы, сиз депутаттарга батир бөлүү маселесине каршы чыккан депутаттардын бири элеңиз. Ошол эле учурда бул маселеге өтө кызыкдар депутаттар арбын парламентте. Эми бул жагдайга төрага катары кандай мамиле кыласыз?

- Мен баягы эле көз караштамын. Быйылкы жылы бюджетке батир же үй куруу боюнча бир да тыйын каралган жок, азырынча. Жогорку Кеңештин аппаратына, депутаттарга, гаражына, иш башкармалыгына биригип 185 миллион сомдон ашыгыраак каражат каралды. Мурунку жылы 205 миллион сом болчу. Депутат кезде бюджетти 10%ке азайталы деген сунуш киргизгем. Ошондуктан, мен ошол суммага гана макулдук бердим.

- Маалымат жыйынында, «Алас» гезитине чыккан маалымат боюнча өзүңүз айттыңыз. Ал жерде Адил Тойгонбаевдин (экс-президенттин күөө баласы) Бишкекте ички иштер кызматы кармаган Жалишев аттуу жакын адамы сиздин үйдөн чыккандыгы тууралуу жазылыптыр. Сиз аны албетте, жокко чыгарып, муну «кара күчтөрдүн» кылганы дедиңиз. Ошол жашыруун күчтөр ким болушу мүмкүн, сизге душмандык кылган?

- Мен өзүм деле түшүнбөй атам. Төрагага шайлоо болор алдында «кара пиарды» мага каршы колдонушту. Башка талапкерлерге колдонушкан жок. Эмне үчүн? Себеби, Марат Султановдун 40ка жакын жактоочусу бар, бул төрагага реалдуу талапкер деп билишчү. Карасанагандар кимдер экенин болжогонум менен так айта албайм. Бирок, гезитке айтайын деп атам, биринчиден мамилебиз эң начар адам – бул Адил Тойгонбаев болгон, экинчиден, жанагы айткан кишисин тааныбайм, билбейм, үчүнчүдөн, кайсы үй жөнүндө айтып атканын билбейм. Мен журналисттер менен соттошпойм деп айтчумун. Бирок, бул гезит бир нече жолу ырааттуу бергенден кийин же бул гезит же гезит аркылуу кандайдыр бир күчтөр ыплас оюндарды пайдаланып атат деп ойлоп калдым. Эми азыр кечирим суроо сунушумду айтам. Болбосо, өз принцибимди бузуп, гезитти сотко бергенге аргасызмын.

- Сизди байкоочулар ачуулуу саясатчынын катарына кошуп жүрүшөт. Өзүңүз да белгилегендей, эми жеке өзүңүз үчүн эмес, толук парламент үчүн жооп берчү милдетти алдыңыз. Кызуу кандуулукка алдырып коембу деп чочулабайсызбы?

- Менин мүнөзүмдө деле кемчиликтер көп. Идеалдуу адам болбосо керек. Бирок. Ачык айтайын, Москвада окуп жүргөндөгү менен азыркы мүнөзүм асман менен жердей. Себеби бул багытта өзүмдү көп тарбияладым. Мен анда кызуу кандуу, көк болчумун да. №5 мектепте окуп атканда баш ийбей койгонум үчүн кетирүү аракеттери болгон. Бирок, мен Москвада окуп жүргөндө бир профессор ийгиликке жетем десең, башка адамды укканды, ой-пикирин эске алганды үйрөн деген. Ошол мага таасир эткен. Тилекке каршы мурунку мүнөз кээде чыгып кетет экен. Бирок, мен ойлоп атам, азыр Жогорку Кеңештин төрагасы болгон соң анын үстүнөн дагы катуу иштеп, ачуулукка, кызуу кандуулукка алдырбаганга аракет кылам.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG