Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:09

МИНСК ТОБУ: ТООЛУУ КАРАБАК БОЮНЧА “ОЛУТТУУ АЛГА ЖЫЛЫШТАР” БОЛО ЭЛЕК


Төрөкул Дооров, Прага Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Минск тобунун тең-төрагалары 7-8-март күндөрү Вашингтондо сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Жыйынтыгында алар “Соңку бир канча жумада түзүлгөн жакшы мүмкүнчүлүктөргө карабастан, Минск процессинин ишинде алга жылыштар болгон жок” деп, буга өкүнүч билдиришти. Азербайжан менен Армениянын президенттери өткөн айда Францияда жолугушкандан бери бир-нече жолу Тоолуу Карабак маселеси боюнча бири-бирине “ачуу сөздөрдү ыргыткандай” болушту.

ЕККУнун Минск тобу боюнча теңтөрагалардын бул жолку билдирүүсүнүн ток этер жери – алар эки мамлекеттин тең, Азербайжан менен Армениянын, өкмөттөрүнө “өз элдерин согушка эмес, тынчтыкка даярдоо аракеттерин көрүүгө чакырышканы” болду окшойт.

Негизи бул топко ЕККУга мүчө 13 мамлекет кирет, бирок төрагалык кылуу милдети үч өлкөгө, Франция, Орусия жана Кошмо Штаттарына, жүктөлгөн. 7-8-март күндөрү Вашингтондо дал ушул үч мамлекеттин өкүлдөрү жолугуп, проблеманы чечүү жолдорун талкуулашты.

Бул сүйлөшүүлөрдө америкалык теңтөрага Стивен Манн: “Тоолуу Карабак маселесинде быйыл өзгөчө ийгиликтерге жетишсе болот”, - деп эсептей турганын айтты. Анткени быйыл Арменияда да, Азербайжанда да элдик шайлоолор болбойт.

Бирок айрым байкоочулар мындай оптимисттик көз-карашка кошула бербегендей болуп жатышат. Мисалы, Вашингтондогу Стратегиялык жана Эларалык окуулар борборунун аналитиги Корей Велт америкалык өкүл Стивен Манндын айткандарын “оптимизмден эмес, жөн гана айла жоктуктан айтылган сөздөр” деп баалады.

- Билесизби, ал ушул жылга өзгөчө басым жасап жатышы 2007-2008-жылдары эки өлкөдө тең шайлоолордун мезгили болоору менен байланыштуу болуп жатат. Навада ушул жылды пайдаланып калбасак, мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып жиберебиз деген ойду айткандай болду. Андыктан алар баардык тараптарды тезирээк мунасага келгиле деп, басымды да күчөтүүгө аракет кылышууда, - дейт америкалык аналитик Корей Велт.

Өткөн айда Францияда болгон жолугушуудан кийин Илхам Алиев да, Роберт Кочерян да ал сүйлөшүүлөр жөнүндө өз ойлорун айтышкан эмес эле.
Жолугушууну Минск тобу “өтө ургаалдуу болду, бирок олуттуу маселелер боюнча эки тарап тең өз ойлорун өзгөртүшкөн жок” деген эле.

Бирок 1-мартта азербайжан президенти Илхам Алиев Армения менен өткөн сүйлөшүүлөр такыр туңгуюкка такалганын, эч нерсеге карабай, Тоолуу Карабакты бошотууга чакырды.

Анын артынан армян президенти Роберт Кочерян: “Эгерде Азербайжан сүйлөшүү процессинен чыга турган болсо, анда Армения Тоолуу Карабакты формалдуу түрдө мамлекет деп тааныйт”, - деди.

Кавказ боюнча “Эркин Европа.Азаттык” радиосунун аналитиги Лиз Фаллер Алиевдин сөздөрүн “жаңылык” деп эсептөөдөн алыс экенин айтты.

- Мында Азербайжандын аскерий күчтөрү соңку он жыл ичинде Арменияныкын жеңе тургандай деңгээлге көтөрүлдүбү деген суроо туулат. Армениянын Коргоо министри Серж Саркисян Азербайжандан айтылган сөздөрдү реалдуу коркунуч эмес, жөн гана басым жасоо аракети деп тааный турганын билдирди. Анын оюнда, чыныгы кол сала турган тарап алдын ала максатын кеңири жарыялап алып, анан чабуул койбойт, муну күтүүсүздөн жасайт, - деп, эки президент ортосундагы каяша айтышуулар жөнүндө армениялык министрдин сөздөрүнө кайрылат “Азаттыктын” аналитиги Лиз Фаллер.

Кошумча маалымат катары айта кетейин, Минск тобунун келерки жыйыны 20-мартта Стамбулда өтөөрү кабарланды.
Тоолуу Карабак маселесин жөнгө салуу үстүндө ЕККУнун Минск тобу 1992-жылдан бери иштеп келатат.

XS
SM
MD
LG