Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:07

ГААГАДА СЛОБОДАН МИЛОШЕВИЧТИН ӨЛҮМҮНҮН СЕБЕПТЕРИ ИЛИКТЕНИП ЖАТАТ


БУУнун башкы прокурору Карла Дел Понте Югославиянын мурдагы президенти Слободан Милошевич өз жанын өзү кыйган деген божомолду жокко чыгарбайт. Бул тууралуу прокурор жекшембиде түштө өткөргөн пресс-конференцияда билдирди.Бирок Дел Понте иликтөөнүн жыйынтыгын күтө туруу керектигин белгиледи. Ал ошондой эле Милошевич түрмөдө киши колдуу болгон деген шектенүүлөрдү четке какты.

Милошевичтин юридикалык кеңешчиси Зденко Томанович буга чейин экс-президентке уу берип өлтүрүү аракети болгон деп ырастоодо:

Милошевич үй-бүлөөсү менен акылдашып, мен аутопсия Гаагада эмес, Москвада өткөрүлсүн деп расмий түрдө талап кылдым. Анткени Милошевич түрмөдө аны уулантуу аракеттери көрүлгөнүн айткан.

Соттун өкүлдөрү 64 жаштагы Милошевич жүрөк оорусунан жана жогору кан басымынан жабыркап жүргөнүн белгилешти.

Өткөн айда трибунал Милошевичке Гаагада деле жакшы медициналык жардам көргөзүлүп жатат деп, анын Москвага барып дарылануу өтүнүчүн четке каккан.

Милошевичтин бир тууган агасы Борислав инисинин өлүмү үчүн БУУнун трибуналы жана Белград жооптуу деп эспетейт:

Мен Слободанды абдан жакшы көрчүмүн. Бүт жоопкерчилик трибуналга жана аны 5 жыл мурун сотко өткөрүп берген Белграддагы органдар менен айрым адамдарга жүктөлөт. Ал жеңилбеген бойдон кетти. Бул биздин эл үчүн өтө маанилү.

Трибунал анын дарегине айтылган айыптоолорду четке кагып, бардык туткундар, анын ичинде Слободан Милошевичке тиешелүү камкордук көрүлгөнүн ырастады.

Ал качан жана кайсы жерге коюлат азырынча белгисиз. Кызы Мария Милошевич атасынын Монтенегродогу шаарга коюулушун кааларын айтты. Ал жерде маркумдун атасы туулуп өскөн.

Экс-президенттин колдоочулары анын өлүмүн “чоң жоготуу” катары баалашса, Босния, Хорватия жана Косовонун тургундары анын жазаланбай калышына өкүнүчүн билдиришти.

Милошевичке 1990-95-жылдары Хорватия, 1992-95-жылдары Босния-Герцеговина, жана 1998-99-жылдары Косоводо жүргүзгөн согуштар үчүн бардыгы болуп 66 айып тагылган.

Балкандагы урушка чекит койгон Дэйтон тынчтык келишимин түзүүгө ортомчу болгон америкалык дипломат Ричард Холбрук мындай пикирин ортого салды:

Ал 4 согушту баштап, Түштүк Чыгыш Европаны бүлүндүргөн. Милошевичтин айынан 300 миңден ашуун адам ажал тапты, 2 жарым миллиондой киши үй-жайынан ажырады. Ал түрмөдө көп жыл отурса да, өмүрүн абакта аяктап кылмыштары үчүн төлөдү.

Европа Биримдиги Сербиянын өкмөтүнө кайрылып, согуш кылмышкерлерин кармап, аларды сотко өткөрүүнү уланта берүүгө үндөдү.

XS
SM
MD
LG