Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:40

РОССИЯНЫН ИРАН МЕНЕН УРАН БАЙЫТУУЧУ ТЕҢШЕРИК ИШКАНА КУРУУ СУНУШУ «ОРТО ЖОЛДО КАЛДЫ»


Россиянын Ирандын ядролук чатагын жөндөө боюнча мурда жасаган сунушун Тегеран четке какты. Жекшемби күнү Тегеран уранды байытуу боюнча Россияда ирандык-россиялык теңорток ишкана түзүү жөнүндө сунуш күн тартибинен алынып салынганын билдирди. Шаршемби күнү Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик-МАГАТЭ Ирандын атомдук программасы боюнча талкууланчу маселелер бар экенин БУУнун Коопсуздук Кеңешине маалымдаган болчу.

Ирандын тышкы иштер министринин өкүлү Хамид Реза Азефинин жекшемби күнү билдиришинче, “кырдаал өзгөргөнгө байланыштуу, Россиянын сунушу күн тартибинен чыгып калды”.

Буга дейре сунуш боюнча тараптар “негизинен бир мунасага келишкени” маалымдалган. Ошол эле учурда Иран дагы сүйлөшүүлөрдү өткөрүү керек деп жаткан.

Ал эми өткөн аптанын шаршемби күнү МАГАТЭ Ирандын атомдук программасы боюнча проблема бар экенин БУУнун Коопсуздук Кеңешине маалымдаган. Муну келечекте Иранга каршы экономикалык санкция жасоо үчүн жасалган алгачкы кадам деп бааласа болот.

Азефинин сөзүнчө, Иран эми Коопсуздук Кеңешинин туруктуу беш мүчөсү МАГАТЭнин кабарына кандай мамиле кылаарын күтө турат жана Иран аны уранды байытууну токтотууга чакырган эч кандай резолюцияга макул келбейт.

“Иран уранды байытууну токтотобу?” деген суроого, Азефи андай чечимге баргандан мурда, Иран эки-үч күн күтө тураарын айтты.

Россиянын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Михаил Каминин жекшемби күнү Москва сунушту Тегерандын четке кагуу себеби менен таанышып жатканын билдирип, эл аралык коомчулукту Ирандын ядролук проблемасын “тынч, дипломаттык жол” менен жөндөөгө чакырды.

БУУнун башктчысы Кофи Аннан да жума күнү ушундай чакыруу жасаган эле:

-Эң жакшы жол-сүйлөшүү. Тараптар столго кайра отурат жана Иран атомдук агенттик менен кызматташуу үчүн тийиштүү кадамдарды жасайт деп үмүт кылам.

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Иран маселесин ушу аптада карайт деп болжолдонууда. Кеңеш Иранга каршы саясый же экономикалык санкция киргизүүгө акылуу. Бирок, байкоочулардын айтымында, Кеңеш обол Иранды уранды байытууга байланыштуу бардык ишмердүүлүгүн токтотууга чакырат.

Ирандын ырасташынча, өлкөнүн атомдук программасы тынчтык максатын көздөйт. Бирок, АКШ жана Евробиримдикте Иран ядролук куралдын үстүнөн жашыруун иштөөдө деген шектенүү күчтүү.

XS
SM
MD
LG