Слободан Милошевичтин уулу Марко атасынын сөөгү Белградга коюлушу керектигин, бу талашсыз иш экенин айтып,ошол эле учурда көп тоскоол-тоскундар болуп жатканын белгилеген эле. Милошевичтин үй-бүлөсүн бу чечимге, сыягы, Сербиянын социалисттик партиясы көндүргөн окшойт.
Мындан тышкары Сербиянын премьер-министри Воислав Коштуница да Милошевичтин сөөгүн Белградга койгонго өкмөт каршы эместигин билдирген. Бирок серб бийликтери Милошевичтин таажиясын мамлекеттик деңгээлде уюштургандан баш тартышты.
Сербияда Милошевичти көбү “Балкандын башкы касапчысы” дешет. Ошол эле учурда аны “улуттук баатыр” санагандар да бар. Серб президенти Борис Тадич эл аралык трибунал Милошевичтин өлүмү үчүн жоопкер экенин, бирок муну ал моюнга албай жатканын белгиледи. Ошол эле учурда Тадич эл аралык трибунал менен Белград кызматташтыгын токтотпой турганын кайра бышыктады.
Милошевичтин аялы Мириана Марковичке да бийликтер күйөөсүнүн таажиясына катышканы Белградга келгенге уруксат беришти.Марковичке бир катар кылмыштары үчүн Сербияда иш козголгон, азыр ал уулу Марко менен Москвада турат. Бийликтердин талабына ылайык,Маркович Белградга келер замат паспортун тапшырып, сотко барууга тийиш.
Байкоочулар аны күйөөсүнүн таажиясынан соң камалып калышы да ыктымал дешет.
Өкмөт Милошевичтин сөөгүнө Сербиянын баатырлары жаткан көрүстөндөн жай берген жок. Бирок радикалдар партиясынын лидери Томислав Николич эртедир-кечтир Милошевичтин сөөгү көрүнүктүү ишмерлер аллеясына коюларына ишендирип, атүгүл мунун өтүлдүгүн өзүнө алды.