Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:46

ИРАК ПАРЛАМЕНТИ БИРИНЧИ СЕССИЯ ӨТКӨРДҮ


Нарын АЙЫП, Прага Ирактын парламенти 16-март күнү өзүнүн алгачкы сессиясына чогулду, бирок кыска жыйын өткөрүлгөндөн кийин, тыныгуу жарыяланды. Анын алдында, 15-март күнү Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши дагы Нью-Йорк шаарында Ирактагы абалды талкуулады.

Ирактын азыркы парламенти 15-декабрда шайланган жана 275 депутаттык орундун көпчүлүгү - 66 пайызы - шийи мусулмандары менен күрд уюмдарынын өкүлдөрүнө тийген. Шийилер атынан 128 жана күрддөр атынан 53 депутат шайланган. Бирок алардын колундагы мандаттар басымдуу көпчүлүк түзбөгөндүктөн, алар баары бир сунни уюмдарынын пикирин эске албастан, өз алдынча өкмөт шайлай албайт.

Шийилер өлкө мусулмандарынын 60 пайызын түзөт, бирок мурдагы президент Саддам Хусейндин учурунда өлкөнү суннилер башкарып келген, ошондуктан парламенттик шайлоодон кийин саясий жагдай өзгөргөндүктөн, жаңы өкмөттү ким башкарат жана негизги министрлик орундар кимге тийет деген маселелер боюнча кызуу талкуу жүрүп жатат.

Февралдын башында шийи фракциялары жыйын өткөрүп, премьер-министрликке мурдагы убактылуу премьер Ибрагим ал-Жаафарини көрсөттү, бирок парламент аны бекитээри белгисиз жана айрым кабарларга караганда, президент Жалал Талабани анын туруктуу премьер болушуна каршы.

Февралдын жыйырма экисинде Ирактын Самарра шаарындагы шийилердин Алтын мечитинде жарылуу болгондон кийин диний аралык араздашуулар бир топ күчөдү жана андан кийин суннилерге каршы да чабуулдар жасалгандыктан, жаңы өкмөт түзүү аракеттери менен байланышкан сүйлөшүүлөр ого бетер оорлоду.

Конституция боюнча, парламенттин биринчи сессиясы шайлоодон кийинки үч айдын ичинде өткөрүлүүгө тийиш жана сессия улам кийинкиге калтырылып отуруп, акырында 12-мартка дайындалган. Бирок кийин дагы бир жолу кийинкиге калтырылып, 16-мартта 40 мүнөткө уланган гана жыйын өткөрүлдү, анын жүрүшүндө депуттар ант беришти.

Сессиянын алдында АКШнын Ирактагы элчиси Залмай Халилзад парламенттеги ар башка фракциялардын өкүлдөрү менен эки күн бою сүйлөшүү жүргүздү жана сессия кыска эле убакытка уланып, токтотулгандан кийин маалымат агенттиктери - жаңы өкмөттүн курамы жөнүндөгү сүйлөшүүлөр кайрадан уланып жаткандыгы жөнүндө кабарлап жатат.

Ирак парламентинин биринчи сессиясынын алдында, 15-март күнү Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши дагы өлкөдөгү абалды талкуулады. Ирактын Бириккен Улуттардагы элчисинин орун басары Файсал Амин ал-Истрабади ал жыйында билдиргенге караганда, сүйлөшүүлөр дагы бир топ улана тургандай: "Жаңы өкмөттүн курамын аныктоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат жана ар башка фракциялардын пикирлери ар башка болгондуктан, улуттук биримдик өкмөтүн түзүү боюнча жыйынтык чыгаруу үчүн дагы убакыт керек," - деди Истрабади.

Нью-Йорктогу жыйында - Ирак өкмөтүн түзүү иштеринде өлкө жетекчилигине эл аралык коомчулук жардам көрсөтүүгө тийиш деген сунуштар айтылды.

XS
SM
MD
LG