Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:42

ШАЙЛОО БОСОГОСУНДАГЫ БЕЛАРУС: БАСМА СӨЗ ҮЧҮН КҮРӨШ


Марттын 19унда Беларуста президенттик шайлоо өткөрүлмөкчү. Шайлоонун босогосунда расмий Минск көз каранды эмес басылмаларга кысымын күчөттү. Ошол эле учурда, өкмөттүн «акырынан жем жеген» басылмалардын күнү тууп жаткан кез. Маселен, 15-мартта «Советская Белоруссия» гезити адаттагы санына кошумча 330 миң нусканы жарыялады. Муну гезит Конституция Күнү майрамына шылтады, бирок анын артында президент Лукашенканы колдоо аракети тураарын жоромолдошууда. Айтмакчы, дал ушул гезиттин аталышын жана стилдик өзгөчөлүктөрүн колдонуп, бийликке каршы күчтөр жалган гезит чыгарышты. Сыртынан «Советская Беларуссия» гезитине куюп койгондой окшош болгон менен, гезит Александр Лукашенканы шылдыңга алган макалага орун берген.

«Советская Белоруссия» гезитинин жалган көчүрмөсү өлкөдө чуу жаратты. Адатта президенттин куралы катары бааланган гезитке койондой окшош басылма Александр Лукашенканы азилдегенге даап жатса, оңой эмес да.

Чыныгы «Советская Белоруссия» гезитинин баш редактору Павел Якубович (Pavel Yakubovich) «Азаттыктын» Беларус кызматы үчүн курган маегинде жалган гезит нускаларын чыгаруу үчүн кеминде 120 миң доллардай каражат коросо керек деп айтты.

Баш редактордун сөзүнө караганда, тымызын иштеген журналисттер өкмөтчүл гезиттеги кесиптештерин аяган эмес:

- Мындагы эң жаман нерсе – бул Александр Лукашенка тууралуу ойдон чыгарылып жазылган тексттердин автору катары чынында эле “Советская Беларуссия” гезитинде иштеген кызматкерлердин атын көрсөтүшкөнүндө. Ал түгүл алардын жазуу ыкмаларынан бери окшотушуптур. Күрөшкүсү келсе күрөшө беришсин деңизчи, бирок минтип башка журналисттерге каргаша болуунун эмне кереги бар эле?

Якубовичтин моюнга алганына караганда, “жалган гезиттин” кээ бир материалдары чынында да күлкүлүү экен. Маселен, алардын биринде Беларусту жеке бийликтик башкарууга өткөрүү керек, Лукашенканы падыша деп таануу абзел деп жазылган экен, дейт Якубович.

Көптөгөн беларустар бул “жалган гезитти” 19-мартка белгиленген президенттик шайлоонун алдында жергиликтүү оппозиция расмий Минскиге такаат кылчу акыркы аргаларынын бири катары жарыялады го деп санашат.

14-мартта бул гезиттин 65 миңдей нускасы Беларуска чектеш орусиялык аймактан кармалды. Бул гезит нускалары орустун Смоленск шаарында басылган экен.

Оппозициячыл Беларус Элдик Майданы уюмунун жетекчисинин орун басары Алексей Михалевич (Alyaksey Mikhalevich) бул кармалган гезиттерди Беларуска коштоп алып келе жаткандардын арасында болуп чыкты. Муну ал өзү да “Азаттыкка” тастыктады:

- Бул гезитти ташып келүүгө тийешем бар экенин танбайм. Бул гезит “Хопиц” деген бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү тарабынан даярдалганын билем.

Михалевичтин мындай билдирүүсүнүн чын-төгүнүн “Хопиц” (“Жетишет эми!”) деп аталган уюмдун өзүнөн тастыктоого азырынча мүмкүн болгон жок.

Эл аралык коомчулук расмий Беларустун шайлоонун алдында көз каранды эмес маалымат каражаттарын кысмакка алганына, чет өлкөлүк байкоочулардан оолак болууга, аларды өлкөгө жолотпоого тырышып жаткандыгына тынчсыздануусун билдирүүдө.

Польшанын Европарламенттеги депутаты Богдан Клич (Bogdan Klich) мырза президент Александр Лукашенканын өкмөтү чек арадагы көзөмөлдү чыңдап, чет элдик журналисттерге виза бербей, аларды өлкөгө киргизбей коюуга бар аргасын жасап жатканын (15-мартта) айтты:

- Президент Лукашенканын бийлиги шайлоонун ирегесинде өлкөнү тыш дүйнөдөн обочо кармоого далаалаттанып жатат. Ал Батыш дүйнөсүнүн күбө болчу кишилеринин санын мүмкүн болушунча азайтууга умтулууда. Мен мында саясатчыларды эле эмес, журналисттерди да белгилеп жатам.

Венадагы Эл аралык басма институту уюму 15-мартта атайын билдирүүсүн жарыялап, оппозициячыл президенттик талапкерлердин бири Александр Казулиндин “Грамада” Беларус Социал-демократиялык партиясына таандык деп шектелген “Згода” гезитин жана андан тышкары “Деловая газета”, “Товарищ», «Народная воля” гезиттерин жарыялоо үзгүлтүккө учуратылганына тынчсызданганын билдирди.
XS
SM
MD
LG