Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:51

Аксы окуясынын төрт жылдыгы белгиленүүдө


БИШКЕК. Бүгүн Аксы районунун Бозпиек айылында Аксы окуясынын төрт жылдыгына арналган эскерүү митинги өтөт. Анда 2002-жылдын 17-мартында болгон Аксы каргашасында курман болгондор эскерилип, куран окулат. Митингге катышуу үчүн Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров жана бир катар укук коргоочулар кечээ Аксыга жөнөп кетишкен. Мындан төрт жыл мурда депутат Азимбек Бекназаровдун камактан бошотуу талабы менен чыккан элге милиция тарабынан ок атылып, алты адам окко учкан. Айрым саясатчылар жана укук коргоочулар бул окуяны былтыркы март ыңкылабынын башаты катары баалашууда.

XS
SM
MD
LG