Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:55

ИРАКТА ЭҢ ИРИ АСКЕРИ ОПЕРАЦИЯ БАШТАЛДЫ


Иракта аскери өнөктүк башталгандан берки эң ири операция жүрүп жатат. Ага, Пентагондун маалыматтарына ылайык, бир жарым миңдей контингент, 200гө чукул аскери техника, 50дөй самолет тартылды.

Операция кечээ башталды. Адегенде аскери авиация Саммара шаарына, ага чукул райондорго абадан жапырык жасады. Андан соң районго жердеги контингент киргизилди. Операция бир нече күнгө созулат.

Ак үйдүн өкүлү Скот Макклеллан бу жолку операцияны Ирактагы коопсуздукту бекемдөө боюнча жалпы иш-аракеттердин ажырагыс бир бөлүгү катары сыпаттады.

Саммара шаарында өткөн айда шейиттердин мечити жардырылгандан кийин Ирактагы диний эки мазаптын ортосунда абал курчуп кетти. Операция бир жагынан ушул кырдаалдын кылоосун мокоткону, экинчи жактан сүннүлөрдүн “үчбурчтугу” деп аталган бу районду ар түрдүү жоокесептер менен жаңчылардан, козголоңчулардан толук тазалоо максатын көздөйт.

Операция ошондой эле америкалык коомчулук арасында президент Жорж Буштун Ирактагы саясатын колдогондор саны кескин төмөндөп кеткен учурда атайылап өткөрүлүп жатат дегендей пикирлер айтылды эле, муну МакКлеллан төгүнгө чыгарды.

Ошол эле күнү Ирак парламенти биринчи жыйынга чогулду. Депутаттар куран кармап ант беришкен соң тарап кетишти, алар жадакалса спикерин да шайлашкан жок. Ал эми операция башталардан бир нече саат мурда премьер-министр Ибрагим ал-Жаафари эгер эл кааласа өкмөт башчынын кызматына талаптанбай тургандыгын билдирди. Анын кандидатурасын премьерликке шейиттер көрсөтүшкөн эле, башка партиялар болсо ал-Жаафари өз милдетин жакшы аткара албады, эң башкысы - өлкөдөгү коопсуздукту чыңдоодо жетерлик аракеттерди көргөн жок деп айыпташууда.

XS
SM
MD
LG