Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:02

ОШ: ЫҢКЫЛАПЧЫЛАР БИЙЛИКТИ АКАЕВ РЕЖИМИНИН КАЛДЫГЫНАН ТАЗАЛООНУ ТАЛАП КЫЛЫШТЫ


Кубанычбек Жолдошев, Ош Ош шаарында "Марттагы элдик ыңкылап" коомдук бирикмесинин биринчи курултайы болуп өттү. Анда жаңы бийликтин бир жыл ичинде аткарган ишине жалпы баа берилип, Акаев режиминин тушунда коомчулукка күмөндүү иш аракети менен белгилүү болгон республикалык, шаардык жана облустук деңгээлдеги мекеме, уюмдардын жетекчилерин токтоосуз кызматтан алуу талаптары айтылды.

Курултайдын башында "Марттагы элдик ыңкылап" коомдук бирикмесинин төрагасы Тимур Камчыбеков атайын доклад менен чыгып сүйлөп, март окуяларынан кийин өлкөдөгү социалдык-экономикалык жана саясий өзгөрүүлөрдү жасоодо президенттин, өкмөттүн алсыздыгын сынга алды:

- Белсенип ишке киришүү үчүн убакыт жетишерлик. Буга президентибиз Курманбек Бакиев да, премьер-министр Кулов да, өкмөт да жыл карата чечкиндүү иштебей жатышканын ачык эле айтып коюшуптур. Бизде паспорту жок атуулдардын саны миңдеп саналат. Тактап айтканда, паспорт проблемасы али да болсо чечилген жок. Чет өлкөлөрдөгү кыргызстандык жарандардын турмушун айтпай эле коелу. Акаевдин жеке бийлигине шарт түзгөн кошоматчы жетекчилерди бийлик органдарынан алып салмайынча, мамлекеттик саясатта өзгөрүү боло турган эмес.

Курултайдын ишине катышып отурган Ош облусунун губернатору Адам Закиров жаңы бийлик социалдык-экономикалык өзгөрүүлөрдү жасоо үчүн бир кыйла убакыт талап кылынарып айтып, 14 жыл аралыгында бүлүнгөн чарбаны бир жылда эле калыбына келтирүү мүмкүн эмес экенине токтолду:

- Жаңы келген бийлик эч нерсе кылбай жатат деген бир аз туура эмес болуп атат. Ошондуктан жаңы төрөлгөн баладай эле, бир жашка чыкканга чейин тамтуң басып, бир жашка чыккандан кийин басып, анан иш аракеттер башталат. Ошондуктан сабырдуулук кылyy керек.

Чыгып сүйлөгөн ыңкылапчылардын көпчүлүгү республикалык, облустук жана шаардык деңгээлде мурдагы эле паракор, коррупционер жетекчилер отургандыгын айтышып, мамлекет башчысы бийлик органдарын тазалоону тез арада ишке ашырбаса өзүнө кыйын болуп каларын эскертишти:

- Жерлер мыйзам бузуу жолу менен ар кимге сатылып атат. Революциянын жеңиши ушулбу, биз ушуну күттүк беле? Ушундай фактылар боюнча жыйынтык чыгарып, чара көрбөсөк, экинчи революция болуп кетиши да мүмкүн – дейт "Марттагы элдик ыңкылап" коомдук бирикмесинин мүчөсү, акын Абдырашит Урбаев.

Жыйындын жүрүшүндө ыңкылаптын талаптарына каршы келген жетекчилер катары республикалык деңгээлдеги президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиевди, Чукул кырдаалдар министри Жаныш Рустамбековду, коргоо министрлигиндеги генерал Калмурат Садиевди, ошондой эле облустук жана шаардык деңгээлдеги жыйырма жетекчини кызматтан токтоосуз кетирүү маселеси талкууга коюлду. Ыңкылапчылардын мындай талабына карата Ош шаарынын мэри Жумадыл Исаков жооп кайтарды.

- Азыркы айтылган тизмени терең карап көрсөк, арасында бар ошондойлор. Ошон үчүн мен ойлойм мамлекет, жергиликтүү бийлик тараптан жетекчилерди дагы бир сыйра карап, иликтеп, баа бериш керек,-деди мэр.

Курултайдын аягында оштук ыңкылапчылар мамлекет башчысы Курманбек Бакиевдин атына мамлекеттик бийлик органдарын иш аракети күмөндүү жетекчилерден тазалоо, ыңкылаптын идеяларын бийик тутуу, элдик кызыкчылыктарды коргогон программаларды иштеп чыгуу сыяктуу маселелерди ичине камтыган кайрылуу кабыл алышты.

XS
SM
MD
LG