Ушул апта ичинде Жогорку Кеңеш депутаттары өкмөттү үч ирет сессияга чакырышты. Бирок премьер-министр Феликс Кулов дагы, вицелердин бири дагы барбаганы депутаттарды ачууландырды көрүнөт. 17-март күнкү сессияда парламенттин мамлекеттик түзүлүш, конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитети өкмөттүн отставкасы боюнча негиздеме жазып, керек болсо аны добушка койуу демилгеси менен чыкты.
Депутат Исхак Масалаиевдин пикиринде, өкмөттүн отставкага кетишине санап отурса себеп көп. «Жок дегенде ушул атуулдук паспортко ээ болуу укугунан ажыраткандыгы үчүн кызматтан чегиниши керек» дейт депутат Масалиев.
Депутаттардын мындай сунушун өкмөт башчы Феликс Кулов жайдары кабыл алгандай түрү бар. Ал экономикалык кеңешмеде сүйлөп жатып, «депуттар бала сыяктуу, аларга өтө назик жана жумшак мамиле жасаш керек» деп какшык жооп узатты.
Юстиция министри Марат Кайыпов паспорттук кризис бул мурдагы бийлик таштап кеткен көйгөй болгондуктан азыркы өкмөттүн күнөөсү жок деген пикирин билдирди:
-Азыркы өкмөт мурунку бийликтин катачылыктарын кесепеттери менен алышып атабыз. Мындайча айтканда алардын бизге калтырып кеткен былыгын артып атабыз. Ошондой былыктарынын бири паспорт чатагы. Бирок депутаттар өкмөт таптакыр эле бул маселени таштап койду дешсе жаңылышат. Президент, өкмөт башчы баары киришип, бул маселе чечилип калган,- дейт Марат Кайыпов.
Жаш саясатчылардын форуму бирикмеси өкмөттүн стратегиялык жактан жүргүзүп жаткан иштерине нааразы. Алар өкмөттүн Кыргызстанды өтө жакыр өлкөлөр кирген ХИПИК программасына кошулуу жөнүндөгү соңку демилгесине каршылык билдирип чыгышты. Форумдун өкүлү Алишер Мамасалиев бул өкмөткө өтө убакыт аз берилгендигин моюнга алат, бирок стратегиялык жактан мококтугун көрсөтүп жаткандыгына өкүнөт:
-Революциядан кийин Кыргызстан Казакстан менен Орусияны көздөй алдыга жылып баратабы же каякка баратат? Мисалы, Казакстанда он жыл ичинде дүйнөнүн алдыңкы 50 мамлекетинин катарына кирүү тууралуу стратегиялык планы иштеп атат. А революциядан кийинки бийлик Африка өлкөлөрүн карай кетип баратабы. Уганда, Самоли өңдүү африкалык мамлекеттерге теңелгени эмнеси?- дейт Алишер Мамасалиев.
Жаш саясатчылар премьер-министр Феликс Кулов баштаган өкмөт мүчөлөрүн мурдагы бийликтин катачылыктарын кайталабаганга чакырат. Эскерте кетели, Финансы жана өнөр- жай министрлери Кыргызстан кур намысты коюп, бул программага кирип алышы керек деген сунушту айтышкан эле.
Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөт азыркы мамлекет үчүн маанилүү болгон маселелерге көңүл бурбай жатат деп айыпташууда. Ушул апта ичиндеги табигый кырсыктардын алдын алуу, жазгы талаа жумуштарына даярдык жана паспорттук кризисти жоюу боюнча өкмөттүк сааттар үзгүлтүккө учурады. «Демек, өкмөт бул маселелерге келгенде алсыз, айта турган сөзү жок» дейт депутат Осмон Артыкбаев.
Депутат Исхак Масалиев жетектеген комитет өкмөттүн отставкасы боюнча маселени палатага качан коeт азырынча белгисиз. Жогорку Кеңеш депутаттары айдын аягына чейин каникулга кетишти.