Беларуста күтүлгөндөй эле президенттик шайлоодо учурдагы мамлекет башчысы Александр Лукашенко жеңип чыкты. Бул тууралуу Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрайымы Лидия Ярмошина бүгүн мындайча жарыялады:
– Беларуста 19-марттагы президенттик шайлоодо президент Лукашенко Александр Григориевич үчүнчү мөөнөткө шайланды. Ал добуштардын 82.6 пайызын алды.
Добуш берүүгө шайлоочулардын дээрлик 93 пайызы катышты.Расмий маалымат боюнча, Лукашенконун башкы атаандашы, оппозициянын талапкери Александр Милинкевич добуштардын 6 пайызын алды. Бирок Милинкевич шайлоонун жыйынтыгы катуу бурмаланды деп ырастады:
-Биз жеңип чыктык, шайлоо комиссиясы баары бир Лукашенко басымдуу көпчүлүк менен жеңди деп жарыялайт. Бирок биз жеңип чыктык, себеби эл эркиндик, чындык, акыйкаттык жана өздөрүнүн ар-намысы үчүн күрөшө алаарына ишенет. Бийликтер аларды коркутту, террористтер бар деп айтышты, ошого карабастан, эл көчөгө чыкты. Бул коркуу сезиминин үстүнөн жеңиш.
Кечээ кечинде 10 миң чакты киши тынчтык мүнөздө демонстрация өткөрүштү. Алар "Жашасын Беларус!", "Милинкевич" деп ураан чакырып жатышты. Бул Беларустагы соңку жылдардагы эң ири нааразылык акциясы болуп калды.
Беларустун либералдуу оппозициясынын талапкери Александр Казулин да беларус эли экиндик деген эмне экендигин сезип калгандыгын айтып, аларды бүгүн кечинде кайрадан Октябрь майданына келүүгө чакырды.
Анын аралыгында,Евросоюздун тышкы байланыштар комиссары Бенита Ферреро-Валднер Беларуска дагы кошумча санкциялар киргизилиши мүмкүн экендигин билдирди. Мунун алдында биримдиктин өтмө президенти болгон Австриянын тышкы иштер министри Урсула Плассник шайлоо өнөктүгү учурунда Беларус оппозициясын "коркутуп-үркүтүү" болгондугун белгилеген эле. Евросоюздун тышкы иштер министрлери бүгүн Брюсселде кезектеги жыйынына чогулууда. Эл аралык байкоочулар өз бүтүмүн бүгүн кечинде жарыялайт деп күтүлүп жатат.
Грузия парламентинин мүчөлөрү Европадагы Коопсуздук жана Кызматташттык уюмунун миссиясынын курамында Беларустагы шайлоого байкоо жүргүзмөк. Бирок Минск аба бекетинен аларды беларус полициясы өткөрбөй койду. Ушуга байланыштуу Грузиянын президенти Михаил Саакашвили буларга токтолду:
–Биздин күрөшүбүз бир. Биздин мыйзамгерлерди кармагандар империализмдин күчтөрү болду. Бул эркиндик үчүн, жакшылык менен жамандыктын ортосундагы таймаш. Бирок биз чогуу таймашып, баарыбыз жеңип чыгабыз.
КМШ өлкөлөрүнүн байкоочулары айрым техникалык мүчүлүштүктөргө карабастан, шайлоо Беларус мыйзамдарынын чегинде өттү деп жарыялаган.