Орусиянын республикалык партиясынын теңтайлаш төрагасы Владимир Лысенко мырза, шайлоого ырасмий байкоочу катары баруу ниетинде, Беларус бийлигине кайрылган эле. Бирок Минск бийлиги ага уруксат бербей койгон. Ошол себептүү ал бул өлкөгө журналист катары гана барып келди.
Лысенконун пикирине кайрылсак, Беларуста президентти шайлоо элди коркутуп-үркүтүү ыкмалары менен коштолуп жүрдү. Алдамчылык чынында эле ири өлчөмдө уюштурулган, дейт ал:
- Алдамчылыктын жаңы түрүн пайдаланышты. Күн мурунтан добуш берүү шылтоосу астында, советтик кездегидей бир күн эмес, үч күн удаа таш салуу (добуш берүү) болгон. Ошол күндөрү чындыгында аябагандай көп бүллетендерди үкөккө салуу иш-чарасы уюштурулган.
Анализчилердин айтымында, үч күн удаа алдын ала добуш бергендердин эсеби өлкөдөгү жалпы таш салгандардын ичинен 31 пайызын түзгөн.
Орусия-Беларус Биримдигинин Мамлекеттик катчысы Павел Бородиндин айтымында, президент Александр Лукашенка жүргүзүп келген социалдык саясат оң жыйынтык берип жатат. Аны колдоп добуш бергендердин өзгөчө басымдуулук кылышы - мына ошондон улам. КМШ өлкөлөрүндө өз элинен колдоо таба албагандар - «түстүү ыңкылап» чыгаргандар, дейт Бородин:
- Азыр Грузияда эмне болуп атат? Украинада эмне болуп атат? Кыргызстанда эмне болуп атат? Тилекке каршы, чындыгында (бул жумурияттардагы бийликтердин) кылган иши жокко эсе болуп жатканын эл көрүп, ошого барып атат. Шайлоочулар Беларуста чыныгы иш бар экенине ишенет жана ошол себептүү аны (Лукашенканы) колдошот.
Президент Лукашенка Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) шайлоого байкоо кылуу үчүн келген делегациясын оболу өлкөдөн кайра чыгартып ийген. Агенттиктердин жазганына караганда, президент Лукашенка алиги делегацияга Минскиге кирүүгө кайра уруксат берген. Бирок ЕККУ өкүлчүлүгүнүн курамындагы грузиялык депутаттарга Минск бул жолу да уруксат бербей койгон. Эки күнү Минск калаасынын учактык майданында кармалып жаткан тапта, алар беларустук КГБ кызматкерлери тарабынан суракка да алынышкан.
Грузия делегациясынын жетекчиси Михаил Мачевариани мырзанын «Азаттыктын» кабарчысына айткан пикирине караганда, беларустук бийлик «түстүү ыңкылап» чыгып кетпесин деп корккондуктан, ар бир кадамын абайлап жасап жатат. Ошол себептен расмий Минск адилет шайлоо өткөрдү деп баалоо натуура болоор эле, дейт бул грузин депутат:
- Биздин баамыбызда, - бул оюбузду эл аралык байкоочулар да бышыкташты, - бул өлкөдө адилет шайлоо өткөн жок.
Кечөө Лукашенканын жеңишин анын башкы атаандашы, оппозициячыл талапкер Милинкевич «бийликти мыйзамсыз түрдө тартып алуу иш-аракети болду», - деп кескин баалады.
А президент Лукашенка болсо атаандашы айткан сынды эч жуутпай, эң башкысы - «түстүү ыңкылапты» ойрон кылдык деди.