Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:53

БЕЛАРУС ОППОЗИЦИЯСЫ КАРШЫЛЫК АРАКЕТТЕРДИ БАШТАДЫ


Нарын АЙЫП, Прага 19-мартта Беларуста кезектеги президенттик шайлоо өткөрүлдү жана ошол эле күнү борбор калаа Минск шаарынын борбордук аянтында оппозициянын каршылык демонстрациясы башталды.

20-март күнү кечинде Минсктин борбордук аянтында бир нече миң адам чогулду, алар аянтка он-чакты чатыр тигишти. Биринчи чатыр тигилгенде, милиция аны бузуп, ажыратып кетти, бирок кийин аянтта тургандар калган чатырларды курчап алып, аларды буздурган жок. Анткен менен аянтка чыккандардын саны - жекшемби күндөгүгө караганда азыраак болду, шайлоо өткөрүлгөн 19-март күнү кечинде аянтка он миңге жакын адам чогулган. Айрым маалымат агенттиктеринин кабарлаганына караганда, аянтта калгандардын саны түн ичинде дагы азайды жана таңга маал бир нече жүз, же миңдин тегерегиндеги адам калды.

Милиция аянтты курчоого алган, ошондуктан, андан кетип калуу мүмкүн, бирок жаңы адамдар аянтка келе албайт. Кабарчылардын айтымында, бир нече автобуска толгон милиция дагы аянтка жакын жерде турат жана бош да автобустар бар, аларга кармала турган адамдар жүктөлүшү мүмкүн. Аянтта чогулгандар "Эркиндик!" деп кыйкырып жатышат

Чехиянын "Млада фронта днес" деген гезитинин кабарчысы Ян Рыбардын айтымында, түндө аны аянтта кимдир бирөөлөр сабап кетти жана колундагы компьютерди тартып кетишти. Алар анын документтерин дагы талап кылган, ошондуктан, Рыбардын айтымында, алар коопсуздук кызматынын кишилери болушу мүмкүн. Оппозициялык талапкер Александр Милинкевичтин эки уулу камакка алынганы тууралуу кабар келди, башка кагылышуулар жөнүндө азырынча маалымат жок.

Расми маалыматтар боюнча 82 жарым пайыз добуш алган президент Александр Лукашенконун айтымында, бул шайлоо менен Беларусиянын ички иштерине сырттан кийлигишүүгө аракеттенген күчтөргө катуу сокку урулду: "Сырттан болуп көрбөгөндөй басым жасалганына карабай, чет өлкөлүк диктатка карабай, алар бизди сындыра алган жок. Андай басым тескери жыйынтыкка алып келди - Беларус элине сырттан көзөмөл орнотуу мүмкүн эмес, ага басым жасоо - маанисиз иш. Аны шайлоонун жыйынтыгы ачык көрсөттү", - деди Лукашенко.

Шайлоодо алты гана пайыз добуш чогултту деген Милинкевичтин айтымында, жаңы шайлоо өткөрүлүш керек: "Шайлоонун жыйынтыгын биз тааныбайбыз. Беларуста шайлоо да болгон жок, бул жөн гана бийликти антиконституциялык жол менен тартып алуу болду. Өлкөнүн азыркы жетекчисинин шайлоого катышууга укугу да жок болчу, анткени 2004-жылы өткөрүлгөн референдум легитимсиз болчу. Шайлоонун шарттары дагы мыйзамсыз жана репрессивдүү болду", - деди Милинкевич 20-мартта.

Оппозициянын айтымында, Лукашенко чындыгында 50 пайыздан кем добуш чогулткан.

Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун байкоочулары Беларустагы шайлоону эч кандай стандарттарга жатпайт деп билдирди. Европа Биримдиги дагы жыйынтыкты сынга алып, Беларуска каршы жакын арада кошумча чектөөлөр киргизилиши мүмкүн деп айтууда. Маскөөдөн келген байкоочулар болсо шайлоону мактады, ал эми орус президенти Владимир Путин 20-мартта Лукашенкону жеңиш менен куттуктады.

Вашингтондун пикиринде жаңы шайлоо өткөрүлүүгө тийиш. АКШ мамлекеттик катчылыгынын өкүлү Шон Маккормактын айтымында, Беларус бийлигине каршы Вашинтон олуттуу аракет көрөт: "Оппозициянын жаңы шайлоо өткөрүү керек деген талабын биз колдойбуз. Шайлоо учурунда кетирилген мыйзам бузуулар, бурмалоолор жана адам укуктарынын бузулушу үчүн жооптуу адамдарга каршы Америка Кошмо Штаттары талаптуу жана олуттуу чараларды даярдап жатат жана өз аракеттерин Европа Биримдиги менен акылдашып ишке ашырат", - деди Маккормак 20-мартта.

XS
SM
MD
LG