Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:11

22-МАРТТАГЫ ТАРЫХЫЙ ОКУЯЛАР


Бу күн суу ресурстарынын Бүткүл дүйнөлүк майрамы, драматург Мурза Гапаровдун 70 жылдыгы катары белгилүү.

1992-жылдын декабрь айында БУУнун генералдык Ассамблеясы 22-мартты суу ресурстарынын Бүткүл дүйнөлүк күнү деген жардык кабыл алган. Суу ресурстар күнүн белгилөө Кыргыз өлкөсү үчүн айрыкча маанилүү. Жаратылыш кен байлыгы тартыш, бирок суу запасынан кем калбаган Кыргызстан, экономикалык өнүгүүсүн да, келечегин да суу энергетикасын өркүндөтүү максатын көздөйт.

Бу күнү таанымал драматург, жазуучу жана кинодраматург Мурза Гапаров 70 толмок. Мурза Гапарович 1936-жылдын 22-мартында Ноокат районунун Нойгут айлында жарык дүйнөгө келген. 1962-жылы Улуттук университетинин филология факультетин бүтүрүп, 1965-67-жж. Москвадагы Жогорку сценаристтер курсун угуп, кийин эмгек жолун “Кыргызфильм” киностудиясы менен байланыштырган.

Мындан туура бир жыл мурун өлкө президенти Аскар Акаев Улуттук телевидение аркылуу журтка кайрылган. Кайрылууда Кыргызстанда болуп аткан окуялар Украина менен Грузиядан айырмаланып, ур токмок жолуна түшүп, мамлекеттик мекемелер талкалангандыгына жана тартип бузулгандыгына басым жасалган.

Бир жыл мурун бу күнү жаңы шайланган Жогорку Кеңештин биринчи сессиясы ишин баштаган. Шайланган 69 депутаттын 59 катышып, аларга депутаттык күбөлүк тапшырылган. ЖКнын биринчи жыйынында президент Аскар Акаев кайрылуу жасап, өлкөдөгү кырдаалга баа берген.

Казакстанда Нооруз күнү 22-мартта белгиленет. Казактардын тарыхый түшүнүгүндө - Нооруз жазгы жанылануу, токчулук жана ынтымактын күнү деп бааланат.

1943-жылдын 22-мартында фашисттик баскынчылар белорустардын Хатынь кыштагында адамзатка каршы келген мыкаачылык иш жасашкан. Алар кыштак калкын сарайга камашып тирүүлөй өрттөшкөн. Мындан 149 киши, алардын 75 тестиер өспүрүм өлгөн.
XS
SM
MD
LG