Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:23

ИНДИЯ МЕНЕН КЫТАЙДА БОЙДОК ЭРКЕКТЕР КӨБӨЙДҮ


Индия менен Кытайдын калкы биригип келип 2 миллиард 300 миллионду түзөт, бирок бул өлкөлөрдө аялдар улам тартыш болуп баратат. Себеби эки өлкөдө тең көптөр эркек балалуу болгулары келишет, ал эми жаңы техология баланын кыз же эркек экендигин курсакта кезинде эле аныктоого мүмкүндүк бергендиктен, кызды түйүлдүк кезинде эле алдырып салууга болот. Башка кыздарды төрөлгөндө эле таштап салышат. Натыйжада миллиондогон эркектер өмүрүн бойдок өткөрүүгө мажбур болгон кырдаал түзүлүүдө.

Кытайда түтүн булатып, бала көрүүгө колукту таба албаган эркектердин саны алдыдагы жылдарда 10 миллионго жетет деп күтүлүүдө. Индияда да абал ушуга жакын. Бул албетте адам баласынын трагедиясы. Бирок мындай кырдаал аял көрбөгөн миллиондогон эркектердин болушу саясий жана социалдык туруктуулукка зак келтирип, кылмыштуулук, зордукчулук жана саясий экстремизм күч алат деген тынчсызданууга түрткү берүүдө.

Хуаң Йиң Иң – Бейжиндин Ренмин университетинде Сексуалдуулукту жана Гендерди изилдейт. Ал азыркы кырдаалдын түзүлүшүн кылымдардан бери кыздарга караганда, эркек балдар көбүрөөк баркталып келгендигинен көрөт:

Бул - үрп-адатка байланышкан, адамдар мисалы келечекте жигитке үйлөнгөнгө кыздар болушу керек деп ойлонбойт. Айрыкча айыл жергесинде эркек бала чоңойгондон кийин ата-энеси менен калат, ал эми кыз башкага бүлө болот. Ошондуктан, элеттиктере эркек бала үй-бүлөнү багат деген ой үстүмдүк кылат.

Арийне, айыл жергесинде иш жок болгондуктан, бул эркектердин көбү чоң шаарларга иш издеп агылышууда. Ал эми бойдок эркектер көп болгон жерде сойкулук, аны менен катар, аялдарды сексуалдык күңчүлүккө мажбурлоо да көбөйүшү толук ыктымал. Бул СПИД оорусу менен ВИЧ инфекциясынын жайылышына өбөлгө түзөт.

Маурин Ричардсон Бейжинде иш алпарган Эл аралык Үй-бүлө саламаттыгы аттуу уюмда иштейт. Анын айтымында, мигрант эркектердин саны өскөн сайын, шаарларда жаңы оодандар түптөлүп, ишкердүүлүк өскөн сайын акчалуу, бирок орун-очок албаган эркектер басымдуулук кылган бүтүндөй чөлкөмдөр пайда болмокчу.

Кытайда бул жаатта атайын терең изилдөө жүргүзүлгөн эмес. Бирок Индияда социологдор статистикага таянып, бойдок эркектер көп болгон жерде кылмыштуулуктун өскөндүгүн айтып, коңгуроо кагышууда. Статистика гердерлик тең салмактуулук кыйла бузулганын көрсөтөт. Кытайда 2004-жылы 100 аялга 117 эркек, ал эми Индияда 2005-жылы 100 балага 93 кыз туура келген. Албетте сандардын чатагын да эсепке алышыбыз керек. Себеби, Кытайда бир үй-бүлөгө бир гана бала күтүүгө болгондуктан, айрыкча жарды аймактарда кыздарды каттоодон өткөрбөй койгон учурлар кездешет. Демек беш-он жылда өкмөт эсептегенден көп санда кыздар бар болуп чыгышы ыктымал. Жакшы жагы Кытайда өкмөт мындан 10 жыл мурда бул маселени моюнга албай келсе, азыр ага олуттуу мамиле жасайт.

Индияда тескерисинче, орто бай бүлөлөрдө кыздарга караганда, балдарга көбүрөөк үзүлүп түшүшөт, дейт үй-бүлөнү пландоо жаатында иш алып барган эл аралык Пасфайндер уюмунун Индиядагы өкүлү Реха Масиламани. Анын айтымында, айылдык, бирок бай бүлөлөрдө жерди жана байлыгын кыздарга берип коромжу кылбай, эркек балдарга мураска калтыруу жагына көбүрөөк ойлонушат.

Масилами бирок Индиялык эркектер менен балдарга кыз балалуу болуудан качуу менен үй-бүлөлүк турмуштун тамырына балта чаап жаткандыгын түшүндүрүү зарыл деп эсептейт. Албетте демографиялык кризис өтө олуттуу болсо да, азырынча эч ким аялдардын бир нече күйөө күтүүсүнө уруксат берүү же бойдок эркектерди Кыргызстан сыяктуу эркектер азайып кетти деп чуру-чуу түшүп жаткан өлкөлөргө жөнөтүү маселесин көтөрө элек. Кытайлык эркектер оокатка сарамжалдуу, эмгекчил келип, үй-бүлөгө карамдуу экендигин эске алганда, кыздар балким мындай "экспротко" анча деле каршылык көрсөтмөк эмес.

XS
SM
MD
LG